26-июнда Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.
Салтанаттын алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрү негизги документтери менен бирге Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттарын да колго алышты. Мектеп боюнча эң жогорку 195 баллды, кошумча биология 109, химия 94 баллды Ынтымак Таштанов камсыз кылды. Ал эми бүтүрүүчү Асема Жумабаева мектепти кызыл аттестат менен аяктады.

Асема Жумабаева
Бул жылы аталган билим берүү мекемесин 28 окуучу аяктады. Бир окуучу Мектептин ЖРТ боюнча жалпы жыйынтыгы 89 пайызды түзүп, окуучулардын орточо баллы 126 баллга жетти. Бул көрсөткүч мектептин билим берүү деңгээлинин ишенимдүү экенинен кабар берет.
Эң жогорку балл алган топ-5 окуучу:
Мектептин сыймыгы болгон жана эң жогорку жыйынтык көрсөткөн беш окуучунун тизмеси: Ынтымак Таштанов — 195 балл, Атай Рысбаев — 160 балл, Жибек Асанбекова — 160 балл, Асема Жумабаева — 157 балл, Айткүл Кубанычбекова — 153 балл.

Мектеп боюнча эң алдыңкы жыйынтыкты көрсөткөн Ынтымак Таштанов өзүнүн алгачкы сезимдери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү:
«Баллымды биринчи көргөндө көңүлүм түштү, себеби мен күткөн баллга жетпей калды. Бирок ата-энеме айтсам, абдан жакшы кабыл алышты. Анткени мен каалаган кесипке тапшыруу үчүн бул балл толугу менен жетиштүү болду. Класс жетекчим жана башка жакындарым, абдан жакшы балл алганымды айтып, куттукташты. Ооба, мен өзүм күткөн балл болгон жок, бирок мектептин алды болдум. Эң башкысы — мен каалаган университетке тапшыра алам».
Учурда бүтүрүүчүлөр алган сертификаттары менен өлкөнүн жогорку окуу жайларына документ тапшырууга жана келечектеги кесибин тандоого кызуу даярданып жатышат. Мектеп жамааты жана ата-энелер уул-кыздарынын ак жолтой ийгиликтерине сыймыктанып, ак баталарын беришүүдө.
Гулира Сатарова