Бүгүн Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 упайдан жогорку упай алган окуучуларды сыйлоо салтанаты өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.


Салтанаттын жүрүшүндө район боюнча 200 упайдан ашык алган 9 окуучуга, сабак берген мугалимдерине жана ата-энелерине Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ыразычылык кат жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.









Ошондой эле коомдук ишмер Мурадил Сыдыков тарабынан район боюнча эң жогорку — 223 упай алган Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Бегимай Темирбекова ноутбук, ал эми ал окуган мектепке Fort Mendeo» авто унаа ыйгарды. Мындан сырткары окуткан мугалимдерине акчалай сыйлыктар берилди.



Ал эми Баетов айыл өкмөтү тарабынан Ш.Бейшеналиев атындагы и.ж.б.б.м. 50миң сомдун сертификаты тапшырылды.

Эскерте кетсек, Мурадил Сыдыков ЖРТда жогорку жыйынтык көрсөткөн райондогу бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мектептерин колдоо максатында буга чейин дагы беш жолу автоунаа белекке берген. Алардын үчөө катары менен С.Атамбеков атындагы орто мектепке, андан кийин Н.Жыргалбекова атындагы орто мектепке, ал эми 2024–2025-окуу жылында М.Базаркулов атындагы орто мектепке тапшырылган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова