2Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы жарыяланып, Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүндө эң жогорку көрсөткүчтү Алыш жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Кожобаев Акылбек Кенжебекович көрсөттү. Ал 206 балл топтоп, мектептин, ата-энесинин жана жалпы айыл элинин сыймыгына айланды.

Акылбектин бул жетишкендиги узак убакытка созулган талыкпаган эмгектин жыйынтыгы болду. Ал ЖРТга даярдыкты 10-класстан тартып баштап, тесттин түзүлүшүн жана суроолордун өзгөчөлүктөрүн кылдат өздөштүргөн. Мектепте алган билимин тереңдетүү менен катар атайын даярдоо курстарына катышып, күн сайын 3–4 сааттан тесттердин үстүндө иштеген.
Анын айтымында, ЖРТнын негизги бөлүгүндө кыргыз тили менен математика өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, ушул сабактарга көбүрөөк көңүл бурган. Айрыкча кыргыз тилинин грамматикасы жана текстти окуп түшүнүү боюнча тапшырмаларга басым жасаган.
Жыйынтыкты биринчи көргөндөгү сезимдери тууралуу Акылбек мындай деди:
«Алгач жыйынтыкты көргөндө абдан толкундандым, атүгүл көзүмө жаш тегеренип кетти. Бир жагынан чексиз кубаныч, экинчи жагынан чоң жеңилдөө сезими болду. Кылган мээнетимдин акыбети кайтып, өзүмө болгон ишенимим дагы бир тепкичке жогорулады.»

Ал даярдык учурундагы эң чоң сыноо жалкоолук менен күрөшүү болгонун белгиледи. Бирок алдыга койгон максаты, ошондой эле ата-энеси менен мугалимдеринин ишеними ага күч-кубат берип турган.
Ийгилигине эң чоң салым кошкон адамдар катары ата-энесин, үй-бүлөсүн жана мугалимдерин өзгөчө белгиледи.
«Мага эң чоң колдоону биринчи кезекте ата-энем жана үй-бүлөм көрсөттү. Алар бардык шарттарды түзүп, ар дайым ишенип турушту. Ошондой эле мени менен бирге толкунданып, колдоп турган мугалимдериме жана жакындарыма терең ыраазычылык билдирем.»
Анын айтымында, мугалимдер билим берүү менен гана чектелбестен, ар бир суроонун маңызын түшүнүүгө жана туура ой жүгүртүүгө багыт берип турушкан. Ошондуктан бул ийгиликти өзүнүн гана эмес, мугалимдеринин көп жылдык эмгегинин үзүрү катары баалайт. Келечекте Акылбек юрист болууну көздөйт. Ал бул кесип аркылуу мыйзамдуулукту бекемдөөгө, адилеттүүлүктү орнотууга жана адамдардын укуктарын коргоого салым кошууну максат кылат.
Быйылкы жана кийинки жылдардын бүтүрүүчүлөрүнө болсо мындай кеңешин берди:
«Даярдыкты эрте баштагыла. Максатты так коюп, күн сайын атайын убакыт бөлүп, тесттердин үстүндө үзгүлтүксүз иштегиле. Эмгек сөзсүз өз жемишин берет.»
Ошондой эле Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетишкенине сыймыктанарын билдирди.
«Бул мен үчүн гана эмес, мен окуган мектептин жана туулуп-өскөн айылымдын сыймыгы. Бул көрсөткүч биздин айылдагы мектептердин билим деңгээлинин дагы бир далили деп эсептейм.»
Алыш жалпы билим берүү мектебинин жетекчилиги бул жетишкендикти окуучунун, ата-эненин жана мугалимдердин биргелешкен эмгегинин натыйжасы катары баалады.
Мектеп директору Жоомартова Бактыгул Рысбековна жана окуу бөлүмүнүн башчысы Бекжанова Айгерим Акылбековна Акылбекти жоопкерчиликтүү, эмгекчил, максатка умтулган, тартиптүү жана өз алдынча издене билген окуучу катары мүнөздөштү. Алардын айтымында, анын убакытты туура пайдалануусу жана билимге болгон умтулуусу жогорку көрсөткүчкө жетишине негиз болгон.
Мектепте ЖРТга даярдык атайын график боюнча уюштурулуп, апта сайын кошумча сабактар, сынамык тесттер жана жеке консультациялар өткөрүлүп турган. Ар бир тесттин жыйынтыгы талданып, окуучулар менен жекече иштер жүргүзүлгөн.
Мектеп жетекчилиги белгилегендей, бул ийгилик билим берүүнүн сапатынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдеп, кийинки бүтүрүүчүлөр үчүн чоң мотивация болот. Ошондой эле ЖРТга даярдоону мындан ары да эрте баштап, кошумча сабактарды күчөтүү, сынамык тесттерди үзгүлтүксүз өткөрүү, ар бир окуучу менен жекече иш алып баруу жана ата-энелер менен кызматташууну бекемдөө иштери улантылары айтылды.
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева