Түп районунда 2026-жылдын 1-июлунан тарта 3 жашка чейинки балдар үчүн каралган жаңы мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулуна документтерди кабыл алуу башталды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 Жарлыгынын жана Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы №421 токтому менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлүүдө. Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Расул Кувандыковдун айтымында, райондо жалпысынан 3176 бала аталган жөлөк пулду алууга документ тапшырат.

Анын белгилешинче, алгачкы күнү Түп айыл аймагынан 111 баланын документтери кабыл алынды. Ал эми беш айыл аймактан келген энелердин убактысын үнөмдөө жана кезекти жөнгө салуу үчүн атайын график түзүлгөн.

Жөлөк пулду дайындоо процесси толугу менен санариптештирилген. Ошондуктан арыз берүүчүлөрдүн маалыматы сөзсүз түрдө «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган болушу керек. Ошондой эле жөлөк пул дайындоодо ата-энесинин никеде болуп, чогуу жашоосу жана туруктуу каттоосу негизги талаптардын бири болуп саналат.
Расул Кувандыков каттоосу жок жарандар жөлөк пулду өз убагында ала албай калуу коркунучу бар экенин белгилеп, 3 жашка чейинки баласы бар бардык үй-бүлөлөрдү «Санарип аймак» системасына өз убагында каттоого чакырды.
Бул маанилүү социалдык программанын райондо уюшкандыкта ишке ашырылышы Түп районунун акими Тимур Мадяровдун жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жаткандыгы да белгиленди.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров