Ак-Талаа райондук Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында жалпы 1 миллион 53 миң сомдук заманбап ветеринардык жабдуулар сатылып алынды.


Долбоордун алкагында башкармалык төмөнкү техникалар менен камсыздалды:
* 2 даана биологиялык микроскоп;
* 2 даана 20 литрлик Дьюар идиши;
* 1 даана 35 литрлик Дьюар идиши;
* 3 даана портативдүү ветеринардык УЗИ аппараты.
Жаңы алынган жабдуулар ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатууга, мал ооруларын өз убагында жана так аныктоого, ошондой эле жасалма уруктандыруу иштерин сапаттуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

Бул долбоор аймактагы ветеринардык кызматты заманбап техникалар менен камсыздап, мал чарбасын өнүктүрүүгө жана мал ээлерине көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова