Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну 48 жаштагы тургуну Абдалбек Турсуналиев мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет жана үй канаттуулары менен бирге өзгөчө жандык-кызыл кулак суу ташбакасын багып жатат.
Чабакты укмуш жейт
Абдалбек мырзанын айтымында, ташбаканы шаардагы уулу балдарына берип жиберген:
«Ташбаканы шаардагы уулум бөбөктөрүнө берип жибериптир. Үкөккө салып, чакага суу куюп багып жүрдүк. Атайын жемин дагы кошо алып беришкен. Кээде жашылча беребиз. Балдарым саздан чабак кармап келишет, аны укмуш жейт экен. Бул ташбаканы “кызыл кулак суу ташбакасы” деп коёт. Кичинекей кезинде алып келгенбиз, азыр көлмөдө багып жатам», — деди ал.
Анын айтымында, ташбака суу аккан арыктын жээгинде эркин жүрөт. Кааласа сууга түшүп, кааласа күнгө кактанып кургак жерде жатат. Бирок балдары көзөмөлдөп турушат.
«Суу бойлоп кетип калбасын деп карап турабыз. Негизи сууда жашайт экен. Бирок күнгө чыгып жылынганды жакшы көрөт. Биздин климатка деле көнүп кетет. Болгону суу жылуу болушу керек. Жакшы бакса 50-60 жылга чейин жашайт дешет», — деди Абдалбек Турсуналиев.


Үй канаттууларын бакканга дагы кызыгам
Абдалбек Турсуналиев сойлоп жүрүүчүлөрдөн тышкары ар кандай үй канаттууларын багууга дагы кызыгарын айтты:
«Жеке эле сойлоп жүрүүчү жаныбарларга эмес, учкандарына дагы кызыгам. Быйыл 15 баш үндүк сатып алгам. Азыр канаттууларга ылайыктуу короо-жай салып жатабыз. Үндүк, каз, өрдөк көбөйтөлү деп турабыз. Келечекте төө куш багууну дагы пландап жатам», — деди ал.


Маалымдама
Кызыл кулактуу таш бака — дүйнөдө эң кеңири тараган үй таш бакаларынын бири. Анын аталышы кулагынын жанындагы кызыл сызыктардан улам коюлган. Бул ташбака тайыз көлдөрдү, көлмөлөрдү жана жээктери жапыз, саздак башка сууларда жашайт. Тойгондо таш бака жээкке сойлоп, күнгө күйөт. Ачка болгондо тамак издеп жай сүзөт. Ал коркунучту 30–40 метр алыстан байкай алат, андан кийин сууга бат түшүп кетет. Ошондуктан, анын лакап аты «Слайдер». Кызыл кулактуу слайдерде көрүү жана жыт сезүүсү жакшы өнүккөн. Көрүүдөн айырмаланып угуусу начар өнүккөн. Бирок, кызыл кулактуу слайдерлер угуу менен навигацияны абдан жакшы билишет.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова