Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Темирбек Абдыкеев көп жылдан берки кыялын ишке ашырды. Тактап айтканда 30 жылга жакын чогулткан экспонаттарын үңкүргө жайгаштырып музей ачкан.

Темирбек Абдыкеев-музейдин уюштуруучусу
Биздин каарманыбыз өзгөчө музей тууралуу буларды айтып берди:
» Бул музейди ачуу менин көптөн берки кыялым жана максатым болчу. 1998-жылы археологдор менен иштешип, тарыхый экспонаттарды чогулта баштадым. Ошондон баштап бул тармакка болгон кызыгуум пайда болду. Бул жер Чап (боз, такыр деген маанини билдирет) деп аталат, айылдан болжол менен 3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Трыхый жай катары эсептелет, жогоруда белгилегендей окумуштуулар тарабынан көптөгөн тарыхый табылгалар табылган.




Музейдин ичинде кыргыз эли колдонуп келген ар кандай буюмдар бар
Дагы бир максатым ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү. Чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү туристтерди тосуу ошону менен бирге бул жерди таанытуу. Андан тышкары бул жерде ачык асман алдындагы музей бар. Ал жерден сиздер таш бетине жазылган рун жазууларын жана адам, жан-жаныбарлардын сүрөттөрүн көрө аласыздар. Ошондой эле балбал таштар да бар. Бул экспонаттарды курулушка колдонуп кетээр учурунда сактап калганбыз. Келечекте бул жерди дагы өнүктүрүп, туристтерди тосо турган жайга айлантуу максатым бар».
Даярдаган:Бакыт Кожокматов