Өлкөдө 2022-жылдын июлуна чейин COVID-19га каршы эмдөө менен 70% камтууну пландаштырууда. Дүйнө окумуштуулары вирустун жаңы штаммдары пайда болбой койбойт деген пикирлерин билдиришүүдө. Бардыгы эмдөөдөн өтмөйүнчө, штаммдын эволюциясы эмделбегендерде улана берет. Мындан улам жарандарды эмдөөгө активдүү катышууга чакырыктар ташталууда. Вакцинанын биринчи экинчи дозасын алгандар бустердик эмдөөдөн өтүш керек.
Жыл башында эмдөө менен камтуу көрсөткүчү дүйнөлүк жана аймактык деңгээлде белгилүү максаттарга жеткен эмес бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.Анын айтымында, 60 жаштан ашкан улгайган адамдарды иммундоонун төмөн деңгээли тынчсызданууну жаратат. Тез аранын ичинде вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын алган жарандар бустерди алуусу зарыл, алар бир миллиондон ашык адамды түзөт. Буга байланыштуу кыргызстандыктарды ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам:
КРсынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
«Өлкө өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгара элек. Омикрон коронавирустун акыркы штаммы жана пандемия аяктады деп айтуу туура эмес. Бул тууралуу азырынча сөз боло элек. Эми сергек болуп, ден соолугубузду ойлоп, коронавируска каршы вакцина алышыбыз керек. Вакциналар жетиштүү, аларды колдонуш керек. Johnson & Johnson вакцинасы жакында келет, анткени биздин жарандар аны сурап жатышат. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бирок калк дагы активдүү болуп, коронавирус менен күрөшүүдө бизге жардам бериши керек. Бардык эмдөө жайлары ачык, бардыгыңыздарды эмделүүгө чакырабыз!», — деп белгиледи Ишенапысова.
Белгилей кетсек, эмдөө үчүн бекитилген COVID-19 вакциналарын кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда өлкөдө колдонулуп жаткан бардык вакциналардын натыйжалуулук пайызы жогору.
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү эмдөөдөн өтпөгөн жарандарга карата катаал чектөө чараларын киргизүү менен эмдөөнү ийгиликтүү өткөрүү боюнча жакшы натыйжаларга жетишти. Ал эми Кыргызстан кичи жана орто бизнести коргоо, ошондой эле жарандардын кирешесин сактоо кызыкчылыгында ынандыруу жолун тандап алды. Бул бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен эмдөө идеясын жайылтууну камсыз кыларын КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди:
КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу
“Учурдагы абал бизнес өкүлдөрүнөн жана жалпы эле коомчулуктан бардык кыргызстандыктардын ден соолугу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү талап кылууда. Эмделбеген жарандар алар өз саламаттыгы үчүн гана эмес, жакындарынын ден соолугу үчүн дагы олуттуу коркунуч келтирип жатканын түшүнүүгө тийиш”
Вирустун жаңы штаммдары пайда болбой койбойт
Тилекке каршы, COVID эч кайда кеткен жок, коронавирус менен күрөш уланууда, оор түрдө ооруп калуу тобокелдиги бар, катаал чектөөлөрдү кайрадан киргизүү ыктымалдыгы сакталууда, деп жазышууда медицина кызматкерлери. Эксперттер пандемиянын жаңы толкуну келүүсү мүмкүндүгүн тынымсыз эскертип жатышат.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус, дүйнөдө азыр коронавирустун жугуштуу жана кооптуу вариантынын пайда болушу үчүн «идеалдуу шарттар» бар деп эсептейт:
«Чындыгында, азыркы болгон шарттар бир кыйла жугуштуу, кооптуу варианттын пайда болушу үчүн идеалдуу. Кээ бир өлкөлөрдө эмдөөнүн кеңири таралышы жана коронавирустун омикрон штаммы оорунун жалпысынан анча оор эмес жүрүшүн шарттаганы «пандемия бүттү деген кооптуу ойго» алып келди. “Бирок андай эмес”, — деп белгилеген ДССУ башкы директору жума сайын ковидден дүйнө жүзүндө 70 миңге жакын адам каза таап жатканын, саламаттык сактоо системасынын жүктөмү оор болуп, ал эми вирустун эволюциясына байкоо салуу жетишсиз жүрүп жатканын эскертти.
Коронавирустун мутациясын токтотуу үчүн 6-8 айдын ичинде жамааттык иммунитетке жетишүү зарыл деп эсептейт Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург. Окумуштуу штаммдар дайыма пайда болуп турарын, бирок алардын арасынан популяциядагы иммунитетти жеңе алганы гана эпидемиологиялык мааниге болорун эскертет. “Штаммдын эволюциясы дайыма уланат. Аны токтотуу үчүн биздин милдетибиз алты, жети, сегиз айдын ичинде бүт жер шарында иммундук капкакты түзүү”, — деп белгиледи Гинцбург. Окумуштуунун айтымында, буга биринчи кезекте эмдөө аркылуу жетсе болот. Ал эми бардыгы эмдөөдөн өтмөйүнчө, штаммдын эволюциясы эмделбегендерде улана берет.Окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүндө, коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар эмделгендерге караганда COVID-19ду кайра жугузуп алуу ыктымалдуулугу беш эсе көп экенин көрсөттү. Себеби инфекциядан алынган иммунитет кыска болот. Фарбер ошондой эле коронавирус мутациясын улантып жаткандыктан, адамдар жыл сайын COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек деп болжолдойт.
Британ окумуштуулары коронавирустун кийинки штаммы мурунку варианттарга караганда алда канча коркунучтуу болушу мүмкүн деп эсептешет. Эдинбург университетинин эпидемиолог профессору Марк Вулхаус омикрон — бул COVID-19дун башка генеалогиялык бутагы жана “дельтага” түздөн-түз тиешеси жок деп айтат. Бул жагдайга байланыштуу жаңы версия кайдан келери жана акыры кандай касиеттерге ээ болору толук белгисиз. «Бул аздыр-көптүр патогендүү болушу мүмкүн. Омикрондон кийин дагы варианттар пайда болот, эгер алар жугуштуу болсо, алар үстөмдүк кылат. Алар өлүмгө алып келиши мүмкүн же олуттуураак терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп эскертет адис.
Биз микродүйнөнүн бир кыйла агрессивдүү чөйрөсүндө жашап жатканыбызды жөн гана түшүнүү керек. Ал эми ага каршы жалгыз күрөш – бул биздин иммундук системабыз, аны бекемдөө, гигиеналык чаралар».
Кесиптик чөйрөлөрдөгү эмдөөнүн келечеги, анын ар кандай стратегияларынын эффективдүүлүгү жөнүндө талаш-тартыштар жүрүүдө. Бирок бир нерсе айкын: SARS-CoV-2 эволюциясын улантууда, жаңы штаммдар пайда болот, жаңы дарылар дагы чыгып жатат. Эмдөө жана ревакцинациялоо зарылдыгы эч кимде күмөн саноолорду жараткан жок: эгерде биз катуу оору, ооруканага жаткыруу жана өлүм коркунучун азайтууну кааласак, эмдөөдөн өтүү зарыл.
Айгерим Кубатбекова