Пандемия шартында кош бойлуу болуу канчалык кооптуу экендигин жана аялдар ден соолугуна кандай көңүл буруусу керектигин Суусамыр аймактык ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берет.
“Кош бойлуу аялга ковид-19 илдетин жуктуруп алуу абдан кооптуу. Аял өзү абдан этият болуусу жана ден-соолугуна көңүл буруусу кажет. Кош бойлуу убагында организмде өзгөрүүлөр пайда болот. Ковид менен ооруган кош бойлуу аялга биринчиден психологиялык, моралдык жактан жардам берүүбүз керек. Ооруну жуктурган алгачкы үч айлык кезинде абдан кооптуу. Анткени бойдон түшүп калуу коркунучу бар. Эгерде аялдын организми толук кандуу жакшы болсо, анда ал ооруну жеңүүгө мүмкүнчүлүк болот. Ковид менен ооруган кош бойлуу аял толук кандуу тамактануусу зарыл. Витаминдүү тамак-аш жеши керек. Анткени курсактагы балага таасири чоң.
Суусамыр айыл аймагы боюнча 2021-жылы 16 кош бойлуу аялдан ковид-19 илдети аныкталган. Ал эми 2022-жылдын январь айынан бери 4 кош бойлуу аялдан оорунун белгилери табылган. Азыркы учурда оору жеңил формада өтүп жатат. Оор абалда кайрылгандар жана жаңы төрөлгөн наристелерибизден илдетке чалдыккандар болгон жок.
Кош бойлуу аялдарга вакцина алуу туура деп ойлойм.
Себеби, аз да болсо оорунун жеңил өтүшүн камсыз кылат. Оорунун симптомдору байкалган кезде дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу зарыл. Бул учурда туура тамактануу жана кыймылды көбүрөөк жасоо сунушталат. Бат-баттан дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруусу керек. Өздүк гигиенаны так сактоого жана көпчүлүк жерлерде бет кап тагынууга чакырат элем”,-дейт дарыгер.
Азиза Тамчиева