Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы №2 толук эмес орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү боюнча иш-чара уюштурулду. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу мугалимдер тарабынан окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мамлекеттик туу күнүнө карата мектептин 6-классынын класс жетекчиси жоопкерчиликтүү болуп жалпы мектеп боюнча иш-чараны уюштурушту. Мектепте мамлекеттик туу күнү жыл сайын 3-мартта өткөрүлөт. Анын негизинде туу жөнүндө көркөм окуулар айтылып, окуучулардан сурамжылоо жүргүзүлдү.
Иш-чараны уюштурууда жоопкерчиликтүү милдетти алышкан 6-класстын окуучуларынын бири Кадымагомедов Аббасс-Паша сыймыктануу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу боюнча төмөнкүчө оюн билдирди:
«Биздин кыргыз майрамдарынын көркүн туу ачат. Биз туубуз абдан көрктүү. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлүп тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар» — деп айтылган. Мен бул маалыматтарды алуу үчүн мектептин китепканасында бир күн убактымды короттум. Калган маалыматтарды интернет булактарынан классыбыз менен издеп даярдандык.”
Ушул эле 6-класстын окуучусу Сымбат Бектемирова:
“Ар бир өлкөнүн өз доорунун желеги болот. Ал жөнүндө мен туунун жаралышы, тарыхы жөнүндө көптөгөн интернет булактарынан изденип окудум. Биздин желегибиз абдан кооз. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан символдор. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу — дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгинелейт.”
Башталгыч класстын окуучуларына эмитеден Кыргыз мамлекеттик символдорун таанытып үйрөтүү керектигин баса белгилеген мугалими Айнузка Акматбекова:
“Мен окуучуларга тарбиялык сааттарды өтүүдө элибиздин улуттук баалуулуктарын, маданиятын, тарыхын түшүндүрүүдө ар кандай ыкмаларды колдономун».
Биздин мектепте 18-улуттун окуучулары окуйт. Мисалы Даргин, Лезгин, Акушан, Авар, Кумык, Казак, Дунган, Карачай ж.б. Бул окуучуларга дайыма бири-бири менен ынтымакты, биримдикти сактоого тарбиялык сааттардын байма-бай өткөрөбүз. Биздин мектептин дагы бир артык-чылыгы бүгүнкү күнгө чейин ар бир улуттун балдары өз элдик касиеттерин, өз мамле-кетин, элин-жерин, улуттук өзгөчөлүктөрүн, тилин, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын сактоо менен биримдикте иш-чараларга активдүү катышып келишет.
Турсун Омуралиева