Бүгүн 3-март күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.
Туу күнүнүн 30-жылдыгына карата, «Дыйканбаева Бурулсун» атындагы айылдык китепкананын кызматкери Венера Коеналиева окурмандарга Кыргыз Мамлекетинин Туусу тууралуу баяндама окуп берди.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Гимнин коштоосунда Мамлекеттик тууну кызматкерлер көтөрүштү.
Маалымат катары айта кетсек, Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Асел Үркүнбаева