2016- жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. Дал ушул жылдан тартып, 5-мартта Кыргызстандын баардык аймактарында “Ак калпак” күнү белгиленип келет.
Жыл сайын 5-мартта кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, калпак кийгендер көбөйөт.
Адатта бул күндү чет мамлекеттерде жашаган кыргыздар да белгилеп, сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашат.
Кыргыз эли акылман эл болгондуктан адамдын кийген калпагынан анын жашын, статусун билүүгө мүмкүн болгон.
Кыргыздар баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын түшүндүрөт.
Балдар бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпак кийишет. Мындай баш кийим кийген жигитти кыз жандап, өмүрлүк жар издеп калган учуру деп билишет.
Эр-жигит өз түгөйүн таап, турмуш улаганда кыюуусу кара калпак кийип калат. Мындай калпакты кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-бүлөсү бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген.
Кырсык болуп, өмүрлүк жары жашоодон өтүп кетсе, жолдошу кара кийиз калпак кийген.
Манаптар, айыл башчылары, бийликте турган адамдар карапайым элден айырмаланып, төбөсү шуңшуйган калпак кийишкен. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак деп аталып келет.
Кыргыз эли илгертеден калпак кийген даражасын калпактын өңү-түсүнөн гана эмес кыюусундагы оюлардан да билишкен.
Наиля Жанарбек кызы