5-март Ак калпак күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында иш чара болуп өттү. Иш чарага Т. Айбашев жана К. Надиров атындагы орто мектебинин окуучулары, Шайыр апалар жана мугалимдер катышты.
Иш чара учурунда
Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Батырбек Кааров:
«Бизде көптөгөн майрамдарга карата иш чаралар, конкурстар уюштурулуп келет. Иш чараларга жаштарыбызга дем күч болсун деп бюджеттин эсебинен акчалай каражаттарды бөлүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Мына бүгүн да Ак калпак күнүнө карата иш чара уюштурулду. Окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыктарын көрсөтүп ырдап, бийлеп, Манас айтып иш чараны шаңдуу улантууда.
Кулатов айыл аймагындагы жалпы мырзалардын бүгүнкү Ак калпак күнү менен чын дилимден кууттуктаймын. Улуттук баш киймибизди эч качан башынан түшүрбөй, Кулатов элини дүйнөгө даңазалаган жигиттерден болушсун.» — деп билдирди.
Иш чара учурунда
К. Надиров атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Татына Аманбаева:
Татына Аманбаева
Бүгүнкү майрам эң жогорку деңгээлде болуп өттү. Биз майрамда ырдап, кыргыз бийлерин бийлеп бердик. Учурдан пайдаланып Айыл өкмөт башчыбызга, иш чараны уюштурган маданият кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Кандай гана майрамдар болбосун бизди иш чараларга чакырып, мыкты бийлеген, ырдаган окуучуларга белектерди, акчалай сыйлыктарды берип келет.» — деп билдирди.
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл Абсатаровна