Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Манас Мураталиев атайын график бекитип, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Каргалык, Тогуз-Торо, Атай айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуп келди
Айыл өкмөт башчыларынын аткарылып жаткан иштердин маалыматы, 2025-жылга койгон иш-пландары, айылдардагы таза суу көйгөйү, курулуш иштери, көмүр, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жол маселеси туралуу билдирүүлөр жасалды.
Мындан сырткары жазгы айдап себүү иштерине даярдыктын жүрүшү туралуу маселелер каралды.
Жергиликтүү тургундар тарабынан мекеме кызматкерлерине, айыл өкмөт башчыларына суроолорун берип, тиешелүү адистердин жоопторун уга алышты.
Айтылган суроо-талаптар боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттер коюулуп, иш-чара кабыл алынды.
Анара Мааметова