Ушул жылдын февраль айында Дагестан өлкөсүнүн борбору Махачкала шаарында АСЕ аталышындагы “Мыктылардын мыктысы” панкратион боюнча ачык турнир болуп өткөн. Ушул турнирде 1-Май айылынын Сатымбай Карабеков атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Эржан Токтосунов жеңишке жетишип келген.
Радиодо түз эфирге атасы Арзыгулов Токтобек экөө келип, маек куруп беришти.

1-Май айылынын тургуну Токтобек Арзыгулов уулу Токтосунов Эржан Токтобекович
-Саламатсыздарбы эфирге кош келипсиздер. Жеңишиңиздер кут болсун!
Саламатсыздарбы радио угармандар.
—Токтобек мырза өзүңүз жөнүндө, үй-бүлөңүз туурасында айтып өтсөңүз?
Мен 1-Май айылындагы орто мектепти аяктагам.Келинчегим 1 уул, 1 кызым бар.Эржан улуу балам болот.Спорттук билимим деле жок.
—Эржан спорттун бул түрүн кандайча тандап калдың?
Мен буга чейин эле көптөгөн спорттун түрлөрүнө кызыгып, күрөш, эркин күрөш менен дагы машыгып келгем. Алардан дагы ийгиликтерди жаратып келдим. Азыр болсо ушул панкратион боюнча машыгып катышып жатам.
-Ушундай ийгиликке жетүүсүнө сиздин кандай салымыңыз бар? Балаңыздын спортко шыктуулугун качан байкадыңыз?
Кичинекей кезинде эле шыктуулугу байкалган десем болот. Анан окуугандан тартып эркин күрөшкө катыштырып келдим. Бул жагынан дагы Кыргызстандын көп жерлерине бардык. Жакшы ийгиликтерди жаратып келди. Биздин айылда зал жоктугуна байланыштуу өзүм тренер катары кызмат кылам. Экөөбүз чогуу 2 саат убактыбызды машыгууга жумшайбыз.Эки жактан көрүп келген жаңы ыкмаларды колдонуп, үй шартында эле машыктырып келем.
-Дагестан өлкөсүнө кандай жол менен бардыңыздар? Чакыруу болдубу?
Ооба, албетте чакыруу менен барып калдык. Кыргыз өлкөсүндө өткөн панкратион боюнча ачык турнирде Эржан финалга чыккан. Ошонун аркасында чет өлкөгө чакыруу болуп барып калдык.
-Эржан Дагестанга барууда кандай кыйынчылык болду?
Ал жакка барарда мен салмагымды түшүрүүдө кыйынчылык болду.Мага күнү-түнү машыгып, өзүмдүн белгиленген салмакты сактап барууга туура келди.
-Эржан сен чет өлкөгө биринчи жолу барышыңбы?
Ооба биринчи жолу бардым. Ал жакка барарымды укканда толкунданып сүйүндүм.
-Жеңишиңди укканда кандай сезимдер болду?
Менин колумду көтөрүп жеңишти жарыялаганда аябай сүйүндүм.Кыргыз элимдин анын ичинде Суусамыр элимдин ишеничин актадым деп толкундандым.
-Сени менен мелдешке чыккан баланын кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин байкадыңбы?
Албетте, ал дагы мага окшогон күчтүү спортчу экен.Ал дагы көптөгөн спорттун түрлөрү менен машыгат экен.
-Дагестанга барууда каражат жагынан жардам берген демөөрчүлөр болдубу?
Ооба, туугандарыбыздан, депутаттардан, айыл өкмөтүнөн, Суусамыр элинен колдоп, жардам беришти. Ыраазычылык билдиребиз бизди колдогондорго.
-Балаңыздын мындан аркы өнүгүсүнө дагы кандай аракет кыласыз?
Мен мындан ары балама залда машыккандай эле көңүл бөлүп келем. Үй шартында деле тынбай аракет кылам. Мен эми баламдын дагы ийгиликтерди жаратуусуна ишенем. Дагы да тынбай болгон аракетимди жумшайм.
-Эржан сенин классташтарың кандай кабыл алып тосуп алышты? Сага окшоп спортко кызыккандар барбы?
Классташтарым мени колдошуп, сүйүнүшүп жакшы тосуп алышты. Мугалим эжем менен биргеликте үйгө келишип куттукташты. Мен турнирге барарда биз сага ишенебиз.Сен утасың деп колдоо көрсөтүшкөн. Биздин айылда зал болсо кызыккан балдар көп.Буйруса биздин айылдан дагы көптөгөн спортсмен балдар чыгат деген ойдомун.
-Аталарга кандай кеңеш бересиз балдарды өнүктүрүүдө?
Ата-энелерге кеңешим балдарды телефон менен эле коюуп койбостон, баланы карап туруш керек.Анткени баланын эмнеге жөндөмдүү экендигин билүү маанилүү. Бул ар бир эле ата-эненин колунан келет деп ойлоймун.Баланын жөндөмдүлүгүнө жараша шарт түзүп берсе болот.Менде жок эле деп койбошу керек.Бала үчүн болгон шартты ата-эне түзүп бериши керек.
-Эржан спорттон сырткары мектепте кандай ийгиликтерди жаратып келесиң?
Мен мектепте дагы бешке окуйм.Сүрөт тартуу, китеп окуу боюнча дагы ийгиликтерди жаратып келем.
-Мектепте спорт менен машыктырган агайың барбы?
Ооба агай эркин күрөш менен машыктырып келет. Ал жакка дагы барып турам.
-Эржан келечекте ким болгуң келет. Кандай кыялдарың алдыга койгон максатың бар?
Менин кыялым максатым олимпиада чемпионуна жетүү. Мен ал үчүн болгон аракетимди кылам. Келечекте Чубак ажыдай аалым болгум келет. Адамдарды ыйманга чакырат элем. Спорт менен келечегимди бирге алып кетүүнү каалайм.
-Айылда бул спорттун түрүн өнүктүрүүдө эмне жетишсиз, эмне болсо деп ойлойсуз?
Биринчиден айылда спорттук зал керек. Залда спорттук кийимдер, шаймандар болсо дейм. Баардык шарты менен спорттук зал болсо, анан буйруса бул спортту өнүктүрсө болот. Жаштардан келечекте көп нерсени күтсө болот.Жаштарга ишеничим чоң.
-Алдыда дагы мелдештерге чакыруулар барбы?
Кудайым буйруса ушул турнирден кийин Эржан дагы жолдомо алды.Турцияда май июнь айларында өтө турган 16 мамлекет катышкан турнирге барат. Алдыда дагы көп машыгуулар мелдештер турат.
-Дагестан өлкөсүндө спортко кандай көңүл бурулат экен?
Ал жакта көңүл буруу аябай күчтүү экен. Бизде көк бөрү спорту кандай өнүккөн болсо, ал жакта спорттун ушул түрү жакшы өнүккөн. Шарттары аябай адам таң калаарлык түзүлгөн.Балдарды өстүргөнгө, өнүктүргөнгө катуу көңүл бөлүнгөн экен.
-Жаштарга кандай кеңештерди каалоолорду айтасыз?
Мен жаштарды ыйманга чакырам. Спортко көбүрөөк көңүл бөлүшсө деп ойлойм.Кең келечек каалайм.Шарт жок болсо дагы өздөрүн өнүктүрсө болот дейт элем.Баарына ден соолук каалайм.
Маегиңиздерге чоң рахмат.
Азиза Тамчиева