2022-жылдын 28-февраль күнү Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жана Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылында «Бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү айыл аймак» аттуу инновациялык иш чара-демилге боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө тегерек стол өткөрүлдү.
Төмөндөгү иш чара «Коомчулукту өнүктүрүүгө билим» коомдук фонду менен биргеликте кыздарга жана аялдарга болгон зордук-зомбулукту азайтууга көмөк көрсөтүү максатында «Тендик нуру» демилгесинин алкагында «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн финансалык каржылыгы менен ишке ашып Кочкор районундагы 2 айыл өкмөтүнүн айылдарында конкурстун өтүшү боюнча тегерек стол өттү.
Иш- чаранын максаты үй-бүлөдөгү мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу аркылуу кыздарга жана аялдарга болгон зордук-зомбулукту азайтууга көмөк көрсөтүү.
Кум-Дөбө айылынан конкурска 5 ГАЛС чемпиондору ат салышты. Чемпиондордун бири Кызжибек Мамбеттоктоева өзүнүн көз карашы менен бөлүшүп кетти:
«Мен өзүм Кум-Дөбө айылында «Бүбүкан апа» бала бакчасынын жетекчи кызматын аркалап келе жатам. «Тендик нуру» демилгеси менен иш алып баргандан бери бизде жакшы көп өзгөрүүлөр болду деп айтсам болот. Себеби ГАЛСтын 5 ыкмасы менен элди тааныштырып, окутуп, үйрөтүү менен өзүбүздүн үй-бүлөбүзгоө дагы чоң таасирлерди берди. Мен болгону бала-бакчадагы 50 баланын ата-энеси андан тышкары өзүмдүн кесиптештериме, кошуналарыма, жакын тааныштарымдын бардыгына ГАЛСтын методикасы боюнча түшүнүк бере алдым. Алар дагы көп өзүлөрүнүн кемчиликтерин оңдоо жөнүндө сүйлөшүп, кыялга саякат боюнча жыйынтыкка келе алышты.
Сүрөт аркылуу анализ беришип 6-7 үй-бүлөнүн жакшы ийгиликтерге жетишип, чоң кубаныч менен айтышты. Ошону менен бактылуу үй-бүлөдөгү үй мүчөлөрүнүн иштерин бөлүштүрүүдө, каражаттарын жөнгө салууда көп жетишкендиктерге жетишти. Алдыдагы пландарым ГАЛС ыкмаларын пайдаланып биздин коомдогу калыптанып калган социалдык ченемдерди өзгөрткөнгө аракет кылам.
«Тендик нуру» демилгеси жөнүндө айтып кетсем, бул аялдарга, кыздарга зордук-зомбулук көрүнүштү азайтуу жана үй-бүлөдөгү тең укуктуулукту колдоо. Анткени азыркы учурда коомчулукта абдан маанилүү долбоор деп эсептейм. Мисалы, айыл жеринде адамдарда көп маалыматтарга, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк аз болгондуктан «Теңдик нуру» демилгеси бизге жаркын келечекке умтулууга үйрөтүп, астыбызга көп максаттарды коюп, көз карашыбыз өзгөрдү десем болот».
«Коомчулукту өнүктүрүүгө билим» коомдук фондунун (ECD) Нарын облусу боюнча координатору Кыял Тилебалдиева бүгүнкү 2 айыл аймагындагы өтүлүүчү иш-чаралардын өтүшү жана» Тендик нуру» демилгесинин максаттары жөнүндө кененирээк маалымат берди:
«Коомчулукту өнүктүрүү билим» долбоордун алкагында Нарын облусунун 2 районундагы 4 айыл менен иш алып барабыз. Бул Кочкор району, Кум- Дөбө жана Кочкор айылдарында. Ат- Башы району, Ат -Башы жана Талды-Суу айылы. Биздин долбоордун негизинде БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) 5 агенттигинин колдоосу менен Нарын, Ош, Чүй облустарында иштеп жаткан учуру.
Айылдарга жаңы ГАЛС ыкмасын элдерге жайылтып, иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Ыкмалары жөнүндө айтып кетчү нерсе бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөө, жүрүм турумдарын, жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган.
ГАЛСтын 5- ыкмалары бул кыялдануу, кыялга саякат, бактылуу үй-бүлө дарагы, киреше көбөйтүү дарагы жана бактылуу үй-бүлөнүн бриллианты ыкмасы. Демек ушул ыкмаларды жогору айтып кеткен айылдарда 2021-жылдын апрель айынан баштап жер-жерлерге жайылтып келе жатабыз. Түпкү максаты аялдарга, кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу. Ошонун негизи себептер коомдогу социалдык ченемдери болуп саналат. Биздин максат коомдогу калыптанып калган стереотиптерди өзгөртүү.
Коомчулуктун аң сезимин өзгөртүү үчүн биз » Бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү айыл аймак» аттуу инновациялык демилгелердин кароо конкурсун уюштуруп жатабыз. Ар бир айыл аймак, айыл өкмөт менен биргеликте иш алып барып сынакта кандай деңгээлде, максатына тийиштүү өтүп жатканын 7 мүчөдөн турган комиссия өкүлдөрү чечим чыгарып беришет. Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты бул биздин ГАЛС ыкмасынын чемпиондорунун кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту азайтуу максатында социалдык нормаларды өзгөртүүгө багытталган өткөрүлүүчү сынак конкурсунун презентацияларын көрүү жана талкулоо ошондой эле конкурстун уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш графигин макулдашуу».
Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылынын тургуну, ГАЛС ыкмасынын чемпиону Болот Көбөнов өзүнүн алдыда койгон пландары жана үй-бүлөсүндөгү өзгөрүүлөр боюнча маек куруп берди:
«Өзүм Семиз-Бел өкмөттүн салык инспекциясынын кызматкери болуп иштейм. 2021-жылдын июнь айынан баштап ГАЛС ыкмалары менен таанышып, окуп баштадым. Окуунун артынан үй-бүлөдө жакшы өзгөрүүлөр байкалып, эң негизгиси бул мамилелер биз жашоо шартыбыз жакшырып калды десем болот. Алдыма койгон максатым бул жалпы элге, өзгөчө жаштарга ГАЛСтын 5 ыкмасын жайылтуу жана элдин ой жүгүртүүсүн, көз карашын өзгөртүүгө болгон күчүмдү жумшайын деп турам».
Жыйынтыгында 2 айылдын ГАЛС чемпиондорунун конкурс өткөрүү тартиби боюнча жобо кабыл алынды.
Нурия Карымбаева