«Соң-Көл» орто мектебинде «Эл аралык эне тил» күнүнө карата бир жумалык иш чара өткөрүлдү. Мында ар бир тил сабактарынан берген мугалимдер ар кандай кароо-сынактарды өткөрүштү.
Бир жумалык иш чарада төмөндөгүдөй сабактар,таймаштар өткөрүлдү. Алгач 21-февраль күнү иш чаранын мазмуну жалпы окуучуларга тааныштырылып, тапшырмалар берилди.
22-февраль күнү 5-6-7-класстар “Кыргыз тилин кадырлайм” деген темада, 8-9-класстар “I LOVE ENGLISH BECAUSE…” деген темада, 10-11-класстар “Русский язык-путь к знанием и успеху” деген темада дубал газета чыгарышты.
24-февраль күнү орус тили мугалимдери Медина Тилебалдиева менен Бегайым Асановалар 7-8-класстар үчүн “Хочу все знать” деген аталыштагы таймаш өткөрдү. Таймаш 7 баскычта өтүп, ар бир учурда окуучулардын эмгектери бааланып жатты. Тапшырмалар санариптештирилип даярдалгандыктан мыкты деңгээлде өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 1-2-3-орундар аныкталап, грамота жана беклектер менен сыйланышты.
1-орун: 8а-класс Жыргалбек кызы Акылай 11упай
2-орун:8а-класс Төлөкова Асема 10,5 упай
2-орун 7б-класс Сейиткасиев Ыйманбек 10,5 упай
3-орун 8б-класс Качкын кызы Акылай 9 упай.
25-февраль күнү англис тили мугалими Асел Шаршенбек кызы 3-класстар аралык Who is the best? деген аталышта мелдеш сабак өтүп, жыйынтыгында 3б-класс мыкты деп табылды.
Андан соң 25-февраль күнү Бурул Майрамбек кызы менен Тамара Бакирова 7-класстар аралык КВН өткөрүп жыйынтыгында 37 упай менен 7а-класстын окуучуларынан куралган “Эне тил” тобу жеңишке жетти.
Ар бир иш чара убагында өткөрүлүп, мыкты деңгээлде жыйынтыкталды.
Орус тили жана адабияты мугалимдери мыкты сынак өткөрүштү
Орус тилин мыкты өздөштүрүшкөн окуучулар сынакта көп кыйналышкан жок
Орун алган окуучулар сыйланышты
Сынакты Медина Тилебалдиева жана Бегайым Асановалар уюштурушту
Англис тили мугалими Асел Шаршенбек кызы 3-класстар аралык таймаш-сабак өткөрдү
Жеңишке 3б-класс жетип, мыктылыгын көрсөтүштү
Окуучулар бул таймашка кызыгуу менен катышып жатышты
7-класстар аралык кыргыз тилин даңазалоо максатында мыкты таймаш өттү
Таймашта окуучулар ар түрдүү тапшырмаларды аткарышты
Айпери Марлес кызы