Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн табигый кырсыктар жана алардан коргонуу, сактануу, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Окуучуларга табигый кырсыктары боюнча Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Жаныбек Карабагышов маалыматтарды берди.
Жаныбек Карабагышов
Жер титирөө деген эмне?
Жер титирөө өзүнүн кыйраткыч күчү менен адамзатка жана айлана-чөйрөгө абдан чоң залал келтирүүчү коркунучтуу табигый кубулуш. Эки же андан ашык тектоникалык плиталардын каршылаш кыймылда бири-бирине тирелип сүрүлүшүнөн келип чыккан чыңалуудан улам топтолгон энергиянын чукул бошонуусу жер астында жарылуу жаралып, ал жер кыртышынын үстүнкү бетин толкун сымал кыймылга келтирип, силкинет.
Мындай тектоникалык мүнөздөгү жер титирөөдөн башка да аталган табигый кубулуш жанар тоонун атылышы, көчкү жана ядролук жаодыруу сыяктуу техногендик себептерден улам да келип чыгышы мүмкүн.
Окуучулар кырсыктын залалдары, алдын алуу, саткануу чаралары боюнча өз ойлорун талкуулашты
Кырсыктын залалдары:
10-класстын окуучулары коргонуу чаралары боюнча кенен маалыматтарды бере алышты
Алдын алуу чаралары:
Сактануу чаралары:
Эсиңизде болсун!
Эркеайым Замирбек кызы