2026-жылдын 2-11-февралына чейин Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Б.А.Досалиевдин тапшырмасынын негизинде райондогу жалпы билим берүү мектептеринде кылмыштуулукту жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшү

Кочкор райондук администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Т.Исаев
«Азыркы коомдо болуп жаткан туура эмес көрүнүштөр,алардын ден соолукка тийгизген терс таасирлери ( ичимдикте,баңгизат ,тамеки) жана уруп- тоноо,алдамчылык, үстөмдүк кылуунун натыйжасында келип чыккан зыяндуулуктар жөнүндө айтып өттү».

Кочкор райондук практикалык борборунун ден- соолукту чыңдоо комитетинин дарыгери Нуржан Байзакова
Андан соң Кочкор райондук практикалык борборунун ден-соолукту чыңдоо комитетинин дарыгери Байзакова Нуржан сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө тамекини ден-соолукка тийгизген таасири тууралуу түшүнүк берди.
Тамеки, насвай, электрондук тамеки жана газдалган суусундуктар , алкоголдук ичимдиктер адам баласынын өмүрүнө чоң зыян келтирип жатканын , өмүрү 15 жылга кыскарып жана ошондой эле ички органдардын жабыркоосу менен бирге буту колдун кесилиши, гангрена оорусу көбөйүп бара жаткандыгы жөнүндө айтып өттү жана бул көйгөйдү алдын алуу жолдорун түшүндүрдү.

Иш-чаранын катышуучулары
Жолугушууга 9-11-класстын окуучулары катышып, аларды кызыктырган суроолорго адистер тарабынан кенен жана түшүнүктүү жооптор берилди.
Даярдаган: Жасмина Кубатбекова