Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2022-жылга карата бир катар иштер пландалды. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен теңдештирүүчү грант катары 2 800 000сом гана бөлүнгөн.
Бул тууралуу өз маегинде аталган айылдын айыл өкмөтү Адилет Жумалиев билдирди:
«Быйылкы жылы бир катар себептерден улам теңдештирүүчү грант жылдагыдан бир кыйла аз бөлүнүп калды. Буга себеп электр энергиянын төлөмдөрү республикалык болуп бөлүнүп кеткендиги болушу мүмкүн. Бул бөлүнгөн каражат жылдагыдан эки эсе аз жана айлык акы төлөгөнгө жана майда нерселерге гана жетет деген сөз. Бирок ага карабай биз алдыбызга бир катар иштердин планын түздүк. Буюрса күн жылып баштаса биздин айылдык сейил багын оңдоого киришебиз. Бул ишти демөөрчүлөрдүн жардамы менен аткарганы жатабыз. Дем берүүчү фонддун каражатына айылдагы машыгуучу залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү дагы пландалды. Андан тышкары азыркы учурда бир катар долбоорлордун үстүнөн иштеп жатабыз. Аны учуру келгенде бардыгына маалымдайбыз.»
Асель Уркунбаева