Пандемиянын кесепетинен келип чыккан кымбатчылык айыл жергесиндеги чарбанын өнүгүшүнө терс таасирин өлкө боюнча байкалып жатат. Мисалы өткөн жылы эле күйүүчү май, техникалык тетиктердин кымбатташы жергиликтүү элге бир топ кыйынчылыктарды жараткан.
Ал эми Ача-Кайыңды айылында дагы айыл-чарба кандай болуп жатканын аталган айылдын айыл өкмөтү Адилет Жумалиевден билдик:
«Чындыгында күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбатташы айыл-чарба техникаларынын кызматынын кымбатташына алып келип жатты. Биздин айылда көпчүлүк дыйкандар картошка өндүрүү менен алектенишет. Бул кезде техникалык кызматтардын кымбатташы терс таасирин тийгизип жатты. Бирок картошкага болгон баа айрым жылдардагыдан жакшырак болуп, бир аз актады десем болот. Ал эми эгин айдагандарга былтыркы жылы биздин айылдын 20 жылдык өткөргөн 1984-жылы төрөлгөн агаларыбыз комбайн алып беришкен. Бул дагы бир топ иштерди жеңилдетти десек болот. Жана учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдирип кетким келет.

Мектепти 2001-жылы бүтүргөн агалар комбайн алып беришкен
Антсе да бизде сугат боюнча көйгөй бар. Өзүңүздөр билгендей быйылкы жылы дагы кар жаабай калды. Ансыз деле биздин айрым жерлерге суу жетпей, колдонулбай турат. Бул маселе элдик жыйында дагы көтөрүлгөн болчу жана биз бул көйгөйдүн үстүнөн иштеп жатабыз. Маселен, азыркы учурда ирригация боюнча долбоорлорду даярдап жатабыз. Ушул долбоор ишке ашса, эл мол түшүм алат эле. Биз ирригациянын эки жолун: жердин астынан суу чыгаруу же Ат-Башы суусунан насос менен сордуруп алуу ыкмаларын сунуштап жатабыз.»

Быйыл Ат-Башыга кар жааган жок
Асел Уркунбаева