2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.
Алымбек Мамырбаев алгачкы иш күнүн Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин педагогикалык жамааты менен таанышуудан баштады. Ал өз сөзүндө билим сапатын көтөрүүдө агартуучулардын эмгеги абдан чоң экенин айтып, мектептин окуу-техникалык базасын чыңдоого болгон мүмкүнчүлүгүн жумшаарын баса белгиледи. Андан соң мектептин ашканасынын ремонту менен таанышты.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Мамырбаев жана мектеп директору Болот Бообек уулу
Өмүр баяны
Мамырбаев Алымбек Бирназарович 1972-жылы 27-февралда Кочкор районуна караштуу Кара-Саз айылында төрөлгөн. 1989-жылы Кара-Саз айылындагы Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтуна тапшырган. Бул окуу жайды 1993-жылы ийгиликтүү аяктап, алгач эмгек жолун И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучу болуп баштаган. Аталган окуу жайда 1997-жылга чейин эмгектенип, 2004-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген. 2007-жылы Кочкор райондук Кеңешине депутат болуп шайланган. 2012-2014-жылдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. 2014-2016-жылдары жеке ишкерлик менен алектенип, 2016-жылы кайрадан Айылдык Кеңешке депутаты болуп шайланган. 2020-жылы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Мектеп жамааты
Жаңы жетекчи мектептин ашканасынын ремонтунун жүрүшү менен таанышты
Бакыт Кожокматов