Азыркы учурда онлайн билим алуу аябай актуалдуулугун жогорулатты. Себеби, пандемия күч алган маалда бардык окуу жайлар онлайн билим берүү системасына өтүшкөн. Пандемиядан кийин окуу жайлар мурдагы калыпка келишсе дагы, менчик мекемелердин каалоочуларга онлайн билим берүүсү күч алууда.
Буга чейин окуучулардын көпчүлүгү онлайн билим берүү боюнча түшүнүгүнүн жоктугунан мектеп менен гана чектелип келишкен. Пандемиядан кийин кошумча аралыктан окуп, билимин өркүндөткөн окуучулардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бирок жаз мезгилинин алдында жер айдоо, мал багуу ж.б. кара жумуш иштери көп болгондуктан аралыктан билим алууга калктын аярлуу катмарынын саны көп.
«Мен келечекте котормочу болгум келет. Ошондуктан мектептен тышкары кошумча үйдөн онлайн окуп жатам. Азыркы учурда Duolingo аглис тили курсунда билим алуудамын. Англис тилин тандаганымдын себеби, бул тил абдан актуалдуу. Англис тилин билсең дүйнө жүзүн кыдырууга болот. Англис тилин өздөштүрүп алгандан кийин немис тилин да үйрөнүүнү пландап жатам»,-дейт Толгонай Иманкулова.
Айзирек Медетбекова учурда Youtube дан онлайн сабактарга катышып, корей тилин үйрөнүп жаткан учуру. Келечекте Айзирек Корея мамлекетине барып саякаттап келүүнү пландайт.
«Биз пандемия учурунда мектепке келбей эле онлайн окудук. Кийин мектепке келе баштаганда ушундай эле онлайн окуп, билим алса болот экенин түшүндүм. Мен корей тилин абдан жакшы көрөм, мектепте корей тили боюнча ийрим жок болгондуктан кошумча онлайн окуйм. Азыр аябай жакшы эле өздөштүрүп калдым»,-дейт Алтынай.
Аэлина Турсунбекова да корей тилине абдан кызыгат. Ал мектептеги сабактарынан сырткары социалдык тармактардан корей тилин үйрөнүп келет. Келечекте Корея мамлекетинде окууну каалайт.
Онлайн билим алуу окуучуларга гана эмес мугалимдерге да абдан ыңгайлуулугун көрсөтүп келет. Жылдыз Өмүкеева математика сабагынын мугалими болуп иштейт. Ал өз билимин жогорулатуу максатында «Креатив-таалим» билим берүү борборунан онлайн окуп, сертификат ала алды.
«Мен «Креатив-таалим» билим берүү борборунан окуп, сертификатка ээ болдум. Бул окууну мен ватсап группадан көрүп, катышып көрүүнү чечтим.
Бул окуудан мен көптөгөн өзүмө керектүү материалдарга ээ болдум. Сабактарда пайдалана турган жаңы ыкмаларды үйрөнө алдым. Аларды кайра кесиптештериме көрсөтүп, аларга да алган билимимди бөлүшүп келем.
Негизи эле онлайн окуу мугалимдер үчүн абдан ыңгайлуу деп эсептейм. Себеби, биз көпчүлүк учурда сабактарда болуп калгандыбыздан, каалаган маалды, каалаган курста окуй албай калабыз. Ал эми онлайн окуулар биздин убактыбызга жараша болуп жаткандыгы бизди кубандырбай койбойт»,-дейт Жылдыз Өмүкеева.
Аида Калыкова мектепте даярдоо классына билим берет. Ал кошумча тез окуу курсунан өтүп, тез окуу ыкмаларын окуучуларга үйрөтүп келет. Алган билими менен гана чектелбестен бош убактысында тез окуу атайын курстарынан дайыма онлайн окуп турат. Себеби, балдарга жаңы ыкмаларды үйрөтүп туруу керек деп эсептейт.
Акылай Алмазбекова