Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде 25-февралда «Мекенди коргоо ыйык милдет» деген аталыштагы иш-чара болуп өттү.

Иш-чара эки бөлүктөн турган: окуучулардын мелдеши, концерттик программа
Иш-чара Ооган жана Баткен жоокерлеринин ардагерлер кеңеши менен биргеликте өткөрүлүп, окуучуларды мекенди коргоого, патриоттуулукка тарбиялоо максатында уюштурулуп, райондун акими, ардагерлер, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана бир катар коноктор чакырылган. Мектеп окуучуларынан турган командалар менен мелдеш өткөрүлүп, андан кийин мектеп жамааты уюштурган концерттик программа болуп өттү. Мелдештин биринчи бөлүгүндө командалар салтанаттуу жүрүш менен баштап, Ата-Мекен тууралуу ыр саптарын айтышып, эркин көнүгүүлөрдү аткарышты.

Мелдешти уюштурган жана жооптуу болгон АЧД сабагынын мугалими Шерзат Асанбек уулу
Андан кийин кол гранатасын алыска ыргытышып, 100 метрге чуркоо, 200 метрлик эстафета оюну, турникке тартынуу боюнча мелдештер өттү. Ал эми экинчи бөлүгүндө АК-74 автоматын чачып куроо, 16 килограммдык чоюн көтөрүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча ат салышышты.

Салтанаттуу жүрүш

Биринчи жардам көрсөтүү сынагы


АК-74 автоматын куроо боюнча мелдеш

16 килограммдык чоюн көтөрүү
Ал эми жыйынтыктоочу бөлүмүндө мекен тууралуу ырлар, хор ырдалып, тамашоу көрсөтүшүп, кол күрөш болду. Жыйынтыгында орундар аныкталып, жеңген командалар сыйланышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө концерттик программа уюшулган

Концерттик бөлүгүнө мектептин уюштуруучусу Мээрим Раманкулова жооптуу болгон
Аталган иш-чарага Ат-Башы районунун акими Абдыкадыров Эмил мындай иш-чаралар балдарды патриоттуулук сезимин ойготууга жакшы экенин айтты:

Эмил Абдыкадыров, Ат-Башы районунун акими
«Бүгүнкү иш-чара жогорку деңгээлде өтүп жатат. Окуучулардан турган команда абдан мыкты даярдыкта экен. Албетте мындай аракеттер окуучулардын патриоттуулук сезимдерин ойготуп, келечекте аскердик ишин аткарууга кандайдыр бир үлгү болду десем болот».
Ал эми 10а-классынын окуучусу жана катышуучу Алтынай Тынчтык кызы мелдеш аркылуу биринчи жардам бергенди үйрөнгөнүн айтты: «Мен билбеген көптөгөн жаңы нерселерди үйрөндүм, оюнду уюштурган Шерзат агайга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мисалы биринчи жардамды туура берүү боюнча мелдеш мага чоң таасир калтырды.»

Алтынай Тынчтык кызы
11г-классынын окуучусу Камчыбек Саламатов: «Бул сынакты армияга барганга даярдык болду десем болот, автоматты чачып жыйноо, биринчи жардам көрсөтүү, ар кандай күч сынашуу бизди чыңалтып, армиянын алгачкы күндөрүнө даярдады деп айта алам. Уюштурган агайларга чоң ыраазычылыгымды билдирем» деп ою менен бөлүштү.

Камчыбек Саламатов
Андан тышкары, Ооган жана Баткен ардагерлери окуучуларды патриоттуулук сезимдерди ойготкон иш-чара болгонун белгилешти.

Ооган ардагери
Айтурган Токтобаева, Айназик Асылбек кызы, Элиза Канатова