2022-жылдын 25-26 февраль күндөрү мектеп окуучулары арасында Нарын шаарында облустук олимпиада өзүнүн жеңүүчүлөрүн аныктады.
Ардак грамота менен сыйлоо аземи
Олимпиада теориялык жана практикалык тур менен 2 күн өттү. Бул этаптан көрсөткүч боюнча окуган классына карабай 1-2-орунду камсыз кылгандар март айында Бишкек шаарында өтө турган республикалык олимпиадада ат салышат.
Облустук олимпиаданын этабын Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ЦООМО) өткөрдү.
Кочкор районунун Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиянын окуучулары облустук олимпиадада жогорку орундарга ээ болушту: алгебра сабагынан 11-класстын окуучусу Кайыргүл Канатбекова 1-орун, англис тили сабагы боюнча 9-класста окуган Айжан Эсенбекова 1-орун , орус тили сабагы боюнча 11-класстын окуучусу Акылбек Батырбеков 2-орун, информатика сабагы боюнча 9-класстын окуучусу Айсулуу Алмазова 2-орунду камсыз кылышты.
Жогорудагыдай жыйынтык менен Кочкор айылынын Нинакан Жундубаева атындагы мектеп гимназиянын окуучулары республикалык олимпиадага жолдомо алышты.
Нурия Карымбаева