Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.
Пандемия учурунда интеллектуалдык кароо сынактарына онлайн форматта катышып келген окуучуларда дал ушундай көйгөйлөр да пайда болууда.
Кулатов айылындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинин окуучулары телетаймаштардын, көркөм окуу, обондуу ыр райондук турлары пандемия башталгандан бери 2021-жылдары да онлайн болгонун билдирди. Алар аралыктан сынакка катышуу абдан өкүнүчтүү экендигин айтышууда.
Т. Айбашев атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Чолпонай Рахманкулова
Т. Айбашев атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Чолпонай Рахманкулова:
«Пандемия учурундагы аралыктан окуу, даярдануу жана телетаймаштардын аралыктан өтүүсү бизге аябай терс таасирин тийгизди. Пандемияга байланыштуу жеке эле өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүү эмес, окуучулардын да коопсуздугун ойлоп, телетаймашка онлайн даярданып жаттык. Чындыгында өтө жакшы натыйжа бере алган жок. Себеби, окуучулар өз ойлорун кенен билдире алган жок. Окуучуларга аларды өз алдынча талдоо, түшүнүү чындыгында кыйын. 2021-жылы да пандемияга байланыштуу кароо сынактардын көпчүлүгү онлайн өткөрүлдү. Берилген тапшырмаларды аткарып окуучуларды көркөм айттырып, ырдатып, окуучулар арасындагы таймаштарды видеого тартып жөнөттүк.»
Т. Айбашев атындагы орто мектептин окуучусу Мираида Мамазияева:
«Бизге аралыктан сынакка катышуу жаккан жок. Себеби, кээ бир учурларда интернет тартпай калат экен. Окуучулар жооп берген учурда калыстар тобу укпай калып, кайра кайталап жооп бергенге туура келип жатты. Чынында мындай сынактарда катышуучулар бетме-бет отуруп, бири-биринин билимине жакындан күбө болсо, утулуп калган учурда да кайгырышпайт. Анткени, атаандаштардын билимин өз көздөрү менен көрө алышат. Ошентсе да берилген тапшырмаларды аткарып онлайн форматта жөнөтүп жаттык. А бирок эч кандай майнап деле чыккан жок».
Чынара Көчкөнбаева