Кулатов айылында жазгы талаа иштери башталды. Пандемияга байланыштуу азык берүүчү дары-дармектер кымбаттап, дыйкандарга кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан дыйкандарга айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.
Кулатов айылын жер адиси Раушан Ураимов :
«Пандемия дыйкандарга терс таасирин тийгизди. Өзүбүзгө маалым болгондой күйүүчү майлар Казакстан Россиядан келет. Пандемия учурунда чек аралар жабылып күйүүчү майлар да кескин түрдө жогорулады. Техникалар менен жерди айдап себүү, оруп жыйноо, жерди айдоо кызматтары күйүүчү майга көз каранды болгондуктан алардын акылары кымбаттады. Күйүүчү майлар менен биргеликте жерди азыктандыруучу дары-дармек азот, аммофоз, ж.б дарылар кымбаттады. Коңшу өлкөлөр келгенине байланыштуу пандемия да чоң таасирин тийгизди. Ошонун негизинде да түшүмдүүлүк да бир топ төмөндөдү.
2021-жылы аба-ырайы да ысык болгонуна байланыштуу суу айылда жетишсиз болду. Айыл өкмөт алдын алуу максатында дыйкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 2021-жылы айыл өкмөт дыйкандарга жардам берүү максатында азык берүүчү дарыларды дыйкандарга үстөксүз берилген.
2022-жылы да ушул долбоордун негизинде жүгөрү, арпа, буудай үрөндөрдү дыйкандарга насыяга берилип жатат. 50% ын күзүндө, 50% ын 2023-жылга бөлүп төлөнөт».
Айылдын дыйканы Курсан Эшимов: «Мен өзүмдүн багыма, үлүштүк жериме алма, алча ж.б бак-дарактарды отургузганмын. Түшүмдүүлүгү жакшы. Быйылкы жылы пандемияга байланыштуу бак-дарактарды азыктандыруучу дары-дармектер кымбаттады. Айылда күн ысык мезгилде суу тартыш. Бирок айыл өкмөтү тарабынан жардамдар көрсөтүлдү. Дыйкандарга бир топ жеңилдиктер каралган».
Жеке пайдага иштетилип жүргөн мамлекеттин жерлери кайтарылып алынат
Чынара Көчкөнбаева