БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) 2013-жылдан бери Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен биргеликте «Мектеп тамактануусун оптималдаштыруу» долбоорун ишке ашырып келет. Долбоордун алкагында окуучуларды кургак тамак-аштын ордуна толук кандуу, тең салмактуу ысык тамак менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул долбоордун алкагында Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директорунун орун басары Сокджин Хан Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебине барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө өкүлдөр мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына берилген ысык тамактын уюштурулушу менен таанышышты.

Сапардын негизги максаты Орусиянын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан мектептеги тамактандыруу программасынын натыйжаларын баалоо жана мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө. Коноктор Шапак Рысмендеев атындагы мектепти тамактандыруу багытында ийгиликтүү иш алып барган билим берүү мекемелеринин бири катары белгилешти.

Маалыматка ылайык, мектепте жалпы 572 окуучу билим алат. Алардын ичинен 226 окуучу ысык тамак менен камсыздалган.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов