Оттук айылынын тургуну Адель Эсенгулова айылда онлайн тиркемелеринде балдарга чет тилин үйрөтүп келет. Анын онлайн курс ачуусуна ата-энелер себеп болгон.
Адель Эсенгулова агасы Казыбек Асылбеков менен
«Мектепте окуп жүргөн кезимде мен англис тилин бөбөктөрүмө үйрөтчүмүн. 2020-жылы карантин убагында өзүмдүн алгачкы группамды топтогом. Ал убакта онлайн эки окуучум бар болчу. Курс ачуу менин негизги максатым болгон эмес, болгону кээ бир ата-энелер оздөрү баламды же кызымды окутуп бер деп суранышкандыктан аракет кылууну чечкем. Бара-бара бул ишке кызыгум артты. Азыр шаарда курстар абдан көп, ошону менен бирге конкуренция дагы күчтүү. Тескерисинче айылдарда курстар жетишсиз. Ошол себептен айылдан баштагам. Азыр дагы окуучуларымдын басымдуу болүгү айыл аймактарда жашашат.»
Элетте онлайн окутуулардан чоочулаган дагы ата-энелер бар дейт Адель Эсенгулова. Мындай ата-энелердин ишенимине кирүү үчүн жакшы жыйынтык көрсөтүү керек экендигин айтат:
«Ата-энелер өзгөчө айылда курстарга абдан зар. Баласын ар тараптан өнүктүргүсү келет. Бирок курстар жетишсиз. Онлайндан болсо алар коркушат, ишенишпейт кээ бир ата-энелер. Бирок онлайн окутууда дагы результатка жетишүү бул реалдуу нерсе. Результат болгондон кийин ата-энелер рахмат айтып, анан башкаларга сунуштай башташат.»
Онлайн сабак берүү учуру
Аделдин учурда бир нече окуучулары бар. Алар жаш өзгөчөлүгүнө жараша топторго бөлүнгөн. Сабактары жумасына үч жолу өткөрүлүп турат.
«Менде азыр жекече окуган бир окуучум бар жана андан тышкары эки группага сабак өтөм. Ар бир группада төрттөн, бештен окуучу бар. Ал эми май айына болсо жаңы группаларды топтоп жатам. Сабак жумасына үч жолу болот. Бир саатан. Кээде окуучунун темпераментине жараша күн сайын 20 мин же 30 мин өткөн убактар да болот.»
Азыркы тапта онлайн окуулардын таасири абдан чоң. Балдарды кичине кезинен онлайн окууга, иштөөгө көнүктүрүү замандын талабы болууда.
«Онлайн окуу балдарга оң таасирин берет. көпчүлүгү онлайн курстардан татыктуу билим ала алышпайт деп ойлойт. Бирок менимче онлайн курс онлайн жумуштун артыкчылыктары абдан көп жана келечекте онлайн продукцияга суроо талап жогорулайт жана бир топ нерсе онлайнга өтөт деп ойлойм. Андыктан балдардын онлайн шартта билим алуусу аларга азыртадан жакшы фундамент жана машыгуу болот деп эсептейм»,-дейт Адель.
Ишкерлик кылуунун бирден бир артыкчылыгы бул финансылык эркиндик дейт Адель. Ал эми чарган мезгилде эс алууга да убакыт бөлүү манилүү экенин баса белгилейт:
«Иш менен алектенүүдө албетте сен ар тараптуу өнүгөсүң жана ошону менен бирге башка адамдарга дагы пайдаңды жеткиресиң. Мен үчун ишкерлик кылуунун дагы бир артыкчылыгы бул финансылык эркиндик. Жана албетте кыйынчылыктары дагы бар. Кыйынчылык болбой өсүш дагы болбойт. Ар дайым жоопкерчилик мойнуңда, түрдүү адамдар менен кээде кыйын окуучулар менен иштешүүгө туура келет. Моралдык жактан чарчайм көбүнчө. Бирок бул убакыттарда эс алганды да билиш керек. Негизинен бул ишке болгон сүйүү жана жакын адамдардын колдоосу кыйынчылыктарды деле сездирбейт.»
Адель бир гана сабак берүү менен чектелбестен өзүн ар тараптан өнүктүрүүгө, алдыга койгон максаттарын ишке ашыруга жетишүүдө. Адель учурда Ай-Ти тармагын аркалаган инсан болууну көздөп жаткан учуру. Элеттен баштаган ишкерликти шаарда улантса дагы Аделдин окуучуларынын басымдуу бөлүгүн айыл мектептериндеги балдар түзөт. Себеби, элетте окуучулар үчүн атайын курстар жокко эсе. Мындай көйгөйдүү чече билүү балдардын кошумча билим алуусуна чоң өбөлгө.
Акылай Алмазбекова