Жеке ишкер Самара Кушубакова Кыргызстандын даамы ”Накта как” ишканасынын негиздөөчүсү. Ал экопродукция өндүргөн иш кананы ачуусуна балдарынын авитаминоз болушу себеп болгон. Учурда анын командасында 6 адам иш менен камсыз болуп, 25 түрлүү табигый продукция өндүрүүдө.
Чүй облусунун Сокулук районун тургуну жеке ишкер Самара Кушубакованын 3 баласы бар. Алгач өз үй-бүлөсү үчүн пайдалуу, табигый кактарды жасап баштаган ишкер ишмердүүлүгүн баштаганын мындайча баяндайт:
“Мындан 4 жыл мурун балдарым бир учурда эле сыздоок чыгып ооруп калышты. Дарыгерлерге кайрылганда анын себеби туура эмес тамактануудан деп айтып жатышты. Чындап эле биз үйүбүздүн жанындагы чакан дүкөндөн химиялык заттар кошулган таттууларды алып берчүбүз. Ошентип, туура тамактанууга өтөлү деп пайдалуу таттууларды издеп баштадым. Дүкөндөн алар табылбай жатты. Бардыгы эле чет өлкөдөн келген түшүнүксүз, боектор кошулган таттуулар. Булардын ордун баса турган азык издеп отуруп кактарды жасап баштадым. Дароо эле как жасоо идеясы келген жок. Башында ар кандай мөмө жемиштерден таттууларды жасап көрдүм. Андан кийин мен кичинекей чагымда чоң энем жасап берген кактарды эстедим аларды жайында өрүктөн жасап кышы боюу бизге берчү.”
Туура эмес тамактануу, ашыкча кошулмалары бар химикатка бай азыктардан баш тартуу учурда дээрлик көпчүлүктүн көйгөйү. Бул көйгөй өзгөчө жаш балдар арасында кеңири тарагынын байкаган Самара Кушубакова элди пайдалуу азыктар менен камсыз кылуу үчүн ишкердигин баштаган. Ал жасаган азыктар салтуу өрүк, алма кактарынан айырмаланып турат:
“ Биз чычырканак, кызылча, сабиз, аш кабактан кактын түрлөрүн жасайбыз. Кактарга кум шекер кошпойбуз. Бул ар бир азыктын өз даамын татып, пайдалуу заттарын толук алууга жардам берет. Учурда биз кактын 25 түрүн жасап жатабыз.”
Кесиби боюнча экономист ишкер айым кактарды жаратууга 1 жылдай убакыт коротконун айтат. Ал арада тайрыйба топтоп отуруп автордук рецептерди жарата алды. Эми ал ыкмаларды кол алдына кыздарды алып, үйрөтүп 6 адамдан турган чакан команда түзгөн. Учрда технолог катары 2 кыз андан сырткары таңгактоо, буйрутма алуу үчүн кыздар иштешет:
“Биз как жасоо үчүн мөмө жемиштерди фермерлердин колунан түз алабыз. Мен жасаган кактарды интернет аркылуу жарнамалап баштаганда дыйкандар өздөрү байланышып мен каалаган өлчөмдө берип туруу үчүн макулдашууларды жүргүзгөнбүз. Биздин дагы бир артыкчылыгыбыз какты жаңы жасап турганыбызда. Кыш мезгили болгонуна карабай керектүү мөмөлөрдү тоңдуруп коюп улам жаңы жасап турабыз. ”
Учурда ишкер айым кургаткан аппараттарын көбөйтүп чакан иш канасын чоңойтууну көздөп жатат. өндүргөн продукцияларды бир гана өлкө ичне эмес чет өлкөгө экспорттоо үчүн дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Айгерим Кубатбекова