Токтогул районунун Чолпон -Ата айыл аймагынын социалдык өнүгүүсүнө,элдин жашоо-шартын жакшыртуусуна салымын кошкон «Ардактуу атуул» Мазар-суунун кулуну Сергей Чиналиев айылыдагы Жоомарт Бөкөнбаев мектебине үй-бүлөсүнүн атынан акчалай жардам көрсөтүп келген. Бул жылы өзү жазган «Бугу-токой жана тоолордун өкүмдары»китебин башталгыч класстын окуучуларына белекке берди.
Жоомарт Бөкөнбаев мектебинин башталгыч классынын мугалими Рыскүл Токтоназарова «Бугу-токой жана тоолордун өкүмдары»- китебин окуучуларга тааныштыруу үчүн чакан иш-чара өттү. Бул автордун алгачкы чыгармасы экенин белгилеген мугалим китептерди окуучуларга таратып берди:
«Иш-чарада агайдын басып өткөн жолун,өмүр таржымалын,китеп жөнүндө маалымат берип,жомок окуу менен бирге көчмөн кыргыз элинин каада-салтын,биримдикте бекемделген күчүн жана макал-лакаптар аркылуу ата-бабалардын нукура сөздөрүн,жаратылышка болгон туура мамилени,токой жаныбарларына аяр мамиле жасоо керектигин айтып өттүм. Ошондой эле ар бир окуучуларым ушул инсандай болсо, агайдан өрнөк алса деген тилекте агайдын китептерин окуучуларыма таркатып бердим»
Сергей Чиналиев шаардык клиникалык ооруканасында хирург болуп иштеп, учурда «Профессор Асымбекова клиника» жоопкерчилиги чектелген коомунун жана «Сапат Лаб» жоопкерчилиги чектелген коомунун социалдык лабораториясынын башкы директору. Клиниканын максаты карыларга жана аялдарга кам көрүү. Ал бир гана кесипте иштебестен чыгармачылыкка да басым жасап жаш жеткинчектерге адабий китептерди жазып чыгарып белек кылып берди.
Даярдаган: Аделя Бакытбекова,Азема Кудуева.