Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагынын Кызыл – Туу айылында Жалган Куран айында Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Илияз Ташкулов айылдын тургундары менен жолугушту.
Айыл башчысы Эдик Сартпаев
Жолугушууда Күнтуу айыл аймагынын башчысы Эдик Сартпаев 2023-жылдык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын айыл тургундарына айтып жана 2024 – 2025 – жылындагы аткарыла турган иш-аракеттерди тааныштырып өттү. Кызыл – Туу жана Күнтуу айыл аймактарында жайгашкан айылдарга, келерки жылга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттар боюнча маалымат берип кетти.
Аталган райондун акими Сартпаевдин айтымында мындай жыйындар жыл сайын болуп келет:
“ Жыл сайын элге отчёт берилип айыл тургундардын көйгөйлөрүн угууга келебиз. Ар бир айылда таштанды, сугат,таза суу жана жол көйгөйлөрү бар.Тазалыкты ар бирибиз өзүбүздөн баштасак жана сугат суу маселесин чечүүдө ички арыктарды тазалоодо ашар жолун колдонсок. Жаңы шайланып келген айыл өкмөт башчыга жардам берели “- деп айыл тургундарын ынтымакка чакырып кетти өз сөзүндө.
Жолугушуунун катышуучулары
Сокулук районунун мекеме жетекчилери да катышып, айыл тургундарынын суроолоруна жооп беришти. Өлкөдө айыл өкмөттөрдүн бириктирүү саясаты бюджетти үнөмдөө болуп эсептелинет. Учурда Кызыл-Туу айыл өкмөтү менен Күнтуу айыл өкмөтү биригип Күнтуу айыл аймагы болуп түзүлдү.
Даярдаган: Жанар Алгожоева