Акыркы жылдары Кыргызстан региондо e-gov санариптик трансформациялоо боюнча лидер болуп калды. Санариптик экономикага кыйналбай өтүү үчүн Кыргызстан кадрларды даярдоо системасын өзгөртүүсү керек. Бул бизге эмгек рыногунда эң көп талап кылынган компетенцияларга ээ адистерди тез жана натыйжалуу даярдоого мүмкүндүк берет.
“Санарип Инсан” – санариптик платформаларда окутуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу экономикалык бакубаттуулукту жакшыртуу үчүн Кыргызстандын айыл аймактарындагы жаштар менен аялдардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү долбоору. Долбоордун иш-аракеттеринин натыйжасы (БУУнун) Туруктуу өнүгүү жана адам укуктарын коргоо максаттарына ылайык жаштарды коргоонун көрсөткүчтөрүн жакшыртуу болду.
Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” коомдук бирикмеси жана Европа Коңшулук Кеңешинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды. “Санариптик туризм” жана “электрондук коммерция” долбоордун негизги компоненттери болгон. Анын алкагында Кыргызстандын бардык жети облусунда эки күндүк курстарда 500 адам окутулган. Бул көрсөткүчтөр пландан 11 эсе көп болуп, натыйжада 356 жумушчу орун түзүлдү. Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу үчүн долбоор GSMA Фонду менен биргеликте MISTT мобилдик сабаттуулук боюнча окуу куралын орус жана кыргыз тилдерине которгон. Санариптик платформаларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу видеороликтер жалпы аудиториясынын саны 4 млн. түзгөн КТРК, ЭлТР сыяктуу республикалык жана
аймактык телеканалдарда көрсөтүлдү. Компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу үчүн санариптик компетенциялардын багыттарынын бири Microsoft Digital Literacy толугу менен жергиликтүү калк үчүн ыңгайлаштырылган жана кыргыз тилине которулган. Мугалимдер үчүн 100гө жакын видеоматериалдар жана презентациялык материалдар кыргыз тилинде бардык каалоочулар биздин санарип платформаларыбыздан көчүрө алышат.
“Санарип Инсан” кыргыз тилиндеги программалоо тилдеринин жеткиликтүүлүгүнө биринчи кадам таштады — ар бир кыргызстандык үчүн жеткиликтүү болгон Python программалоо курсун кыргыз тилине которду.
Долбоордун негизги жетишкендиктеринин бири болуп жалпы байге фонду 2,7 миллион сомду түзгөн жаштар үчүн стартаптар конкурсу болду. Конкурстун жыйынтыгында өлкөнүн бардык аймактарынан 10 санариптик стартап долбоор финансылык колдоо алды. Стартапты тездетүү жана каржылоонун натыйжасында 255 жумушчу орун түзүлдү. Долбоор миңдеген жарандарга санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга жардам берди, бул алардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу менен Кыргызстандын айылдарына инклюзивдүү экономикалык өсүштү алып келет, бул өз кезегинде өлкөнүн санариптик экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизет.
Долбоордун максаттары болуп саналган жаш мигранттардын, аялдардын санариптик көндүмдөрдүн потенциалын жогорулатуу, негизги санариптик сабаттуулуктан баштап, маалыматты издөө, санариптик платформаларды колдонуу, социалдык тармактардын функцияларын ишкердүүлүтө натыйжалуу колдонуу, финансылык транзакциялар, маалымат технологиясын колдонуу менен онлайн соода жана өнүккөн ишкердик жөндөмдөрү ишке ашырылды.
«Санарип Инсан» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасында эксперттик багыттардын жетекчилери жана долбоордун аткаруучулары, мамлекеттин өнүктүрүү институттарынын, бизнес жана билим берүү түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аркылуу долбоордун жыйынтыгын чыгарып, билим берүүнү санариптештирүүнүн калк үчүн сезилээрлик натыйжаларын, чакырыктарды, долбоорлорду ишке ашырууга бардык кызыкдар тараптарды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Ошондой эле алар долбоордун бенефициарларынын жана стартаптар сынагынын жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Долбоордун ишинин натыйжасы туруктуу өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо максаттары боюнча жаштардын корголушунун индикаторлорунун жакшырышы болду. Лидерлик укугун жана аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине реалдуу катышуусун илгерилетүү жана камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан милдет ТӨМ үчүн максат жана каражат болуп саналат.