Бул жылы орозо айы 11-мартта башталды. Мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин орозо кармаган Рамазан айы ден соолукка оң жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе, орозо кармоонун таасири ар бир адамга, алардын жалпы ден соолугуна, физикалык активдүүлүк деңгээлине жана башка факторлорго жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын доценти, м.и.к. Жумабек Сыдыков Ачка жүрүүнү медицинада даарылоонун бир ыкмасы катары дагы пайдаланып келишкенин айтат. Ошол эле учурда кайсы бир ооруулар ачка жүрүүгө каршы келиши мүмкүн:
“Динде мусулмандар балакатка жеткенден кийин кармап баштоо буйрулат. Ал эми медицинада балакатка жетүү деген бардык организмдин өсүп, өнүгүп турган учуру. Бардык органдары көлөмү жагынан чоңоюп, аткаруучу кызматтары күчөп жетилип чоң кишинин аткарган кызматын аткарганга жөндөмдүү болуп калды дегендик. Бирок, медицинадагы жетилүү менен балакатка жетүүнүн ортосунда айырма бар. Организм балакатка жеткен менен толук жетилүүсүнө 4-5 жыл убакыт керек. Адам туура өсүп өнүгүүсү үчүн, кайсы гана ишти болбосун физикалык же менталдык жаткан жоготкон энергиясын тамак аш аркылуу толукталып туруш керек. Ал белок, май, углеводон туруш керек бул азыктар адамга күч кубат берет. Мындан сырткары витаминдер, минералдар. Булар болгондо гана адам баласы ички сырткы функцияларын аткара алат.”
Орозо кармоодо адам өзүн башкара билет. Өз организмин, керектөөлөрүн орду менен башкарып, жөнгө салып нерф системасын тарбиялап алат. Бул жакшы адаттарды калыптандырууда ролу чоң. Эми медициналык жактан оң таасирлерин санап өтөлү.
Зат алмашуу жакшырат: Орозо организмди энергия булагы катары майларды колдонууга стимулдайт, бул зат алмашуунун жакшырышына алып келет.
Ашыкча салмактан арылуу: Ашказанга такай тамак аш түшпөгөндүктөн дайыма синтез жүрбөйт демек, май пайда болбойт. Рамазан айында калориялардын азайышынан улам көп адамдар арыктап жатканын байкашат.
Жакшыртылган инсулин: Орозо кандагы канттын деңгээлине оң таасирин тийгизген инсулинге клетканын сезгичтигин жакшыртууга жардам берет.
Рухий жана психологиялык пайдалар: Рамазан ошондой эле руханий жактан тазалануу жана ички күчтү чыңдоо менен байланыштуу, ал психологиялык бейпилдикке оң таасирин тийгизет.
Белгилей кетчү нерсе, Рамазан орозосун кармоодон мурун, диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары же башка өнөкөт оорулары бар адамдар коркунучтарды баалоо жана коопсуз орозо планын иштеп чыгуу үчүн дарыгер менен кеңешиши керек.
Айгерим Кубатбекова