Базар-Коргон районундагы сейил багына аты ыйгарылган мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун элесине арналган эстеликти ачуу аземи райондун борбордук аянтында өттү.
Үсөн Сыдыков жалпысынан кыргыз элине, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы опол-тоодой. Совет мезгилинин доорунда өзү башкарган Базар-Коргон, Лейлек, Кара-Суу райондорунда үлгү болоорлук чоң демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырган. Аймактар күчтүү болуп өнүкмөйүнчө мамлекетибиз күчтүү болуп өнүкпөйт”- деп дайыма айтып келген.
Эстеликти ачуу аземине Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов, Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков, Базар-Коргон райондук аксакалдар Кеңешинин төрагасы Абдибаит Тойчиев, Ош облусунун Кара-Кулжа районунан келген Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендеринин кавалери Абдыкаар Абдырахманов, ардагер Бегибай Жаңыбаев, Ош шаарынан келген коомдук ишмер Абдырай Айдаров жергиликтүү эл, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш чараны Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов ачып берди
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдундун өмүрү жана эмгек жолуна арналган иш чараны ачык деп жарыялап, Үсѳн Сыдыковдун эстелигин ачуу үчүн уулу Бакыт Сыдыковду, Абдибаит Тойчиевди чакырды.
Эстеликтин жапкычын ачкандан кийин, иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүл чамбарларды коюшту.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, Жаныш Алимбаев, Ѳзгѳн районунун мурунку акими Үсөнбай Абдраимов, Азимжан Божиев, Момунали Абаров, Райкан Дыйканов, Төлөнбай Артыкбаевдер Үсөн Сыдыковдун ишмердүүлүгүн, жаркын элесин эстеп сөз сүйлөштү.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков өмүрүн аймактарды өнүктүрүүгө багыттап эл кызматында жүрүп өткөрдү. Анын кыргыз элине, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон эмгегин эл баалайт, сыйлайт жана унутпайт. Улуу адамдын эмгегине таазим этебиз.
Гулназ Камбарали кызы, Заманбек Кеңешбеков