Ак-Талаа районунда мекемелер, спорт сүйүүчүлөр арасаныда волейбол боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеш 5-март КРнын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналып, райондук сот кызматкерлери демилгеси менен уюштурулду.
Спорттук мелдешти райондук соттун төрагасы Карабай Шаназаров ачып, оюнчуларга ийгилик каалады. Андан соң командалар тайпаларга бөлүндү.
Мелдеш Баетов айылындагы Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев мектептеринин спорт залында өткөрүлүп, жалпы 21 команда катышты.
Жыйынтыгында, 1- орунду уюштуруучулар (Сот кызматкерлери) жеңип алса, 2-орунду Ш. Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби камсыз кылды.
Ал эми 3-орунга Баетов айыл өкмөтүнүн командасы чыкты. Мындан сырткары райондук Суу чарба башкармалыгынын командасы «Мыкты команда» деп табылды.
Жеңүүчүлөргө кубок, акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Мелдештин байге фонду 50миң сомду түздү.
Барчын Мамытбекова