Т. Кулатов айыл өкмөтүнө Көк-Жар айылынан келген Сатар Миңбаев айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө 2 созыв айыл өкмөт башчы болуп иштеген.
«Мен Сатар Миңбаев 1964-жылы 18-июнда Ноокат районунун Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келгенмин. Азыркы күндө 9 неберенин чоң атасымын. Т. Кулатов айылынын тургундары менен таанышуулар жүрүп жатат. Келгениме аз күн болсо да айыл өкмөттөгү көйгөйлүү маселелерди байкап, аны чечүүгө аракетти баштадым. Суу жана электр энергиясы орчундуу маселелердин бири экен. Буйруса 2024-жылга аткарыла турган иш пландардын бири сугат сууну жана ичүүчү сууну ар бир үйгө жеткирүү.» — деп билдирди.
Даярдаган:Жумагүл Көчкөнбаева