Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана 5-март ак калпак күнүнө белгиленди.
Тактап айтканда, салтанатуу иш-чара уюштурулуп, райондук мекеме-ишкана кызматкерлери, окуучулар, мугалимдер Баетов айылынын көчөлөрүндө жөө жүрүш менен мамлекеттик Тууну жана Ак калпакты даңазалашты.
Андан соң, иш-чара маданият үйүндө уланып, калпактын тарыхы жөнүндө маалымат берилип, патриоттук ырлар жаңырды. Жөө жүрүш учурунда Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздуктары көзөмөлгө алынды.
Зарина Бейшеналиева