Бүгүн Кочкор айылында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий расмий бөлүгү райондук маданият үйүнүн алдында уланды.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев райондун тургундарын Ак калпак күнү менен куттуктады.
Ак калпак күнүнө арналган жүрүшкө Кочкор районунун мекеме жетекчилери, мектеп окуучулары катышты. Ошону менен бирге жүрүшкө катышкан мырзалар бүгүнкү майрам эмнеси менен маанилүү экенин айтып беришти
Кочкор райондук «Тазалык» ишканасынын кызматкери Асанбек Молдалиев :» Ак калпак күнү кыргыз элибиз үчүн эң маанилүү күн деп ойлойм. Башыбыздан ак калпакты түшүрбөй, кыргызды даңазалап, ким экенибизди көрсөтүп турган күн деп эсептейм»
Ал эми 11-класстын окуучусу Ислам Камбаржанов: «Ак калпактын ыйыктыгы, бийиктиги, улуулугу менен маанилүү деп ойлойм. Кыргызды жана биз жашаган өлкөбүздү биздин улуттук баш кийим менен таанылып жатабыз десем жаңылышпайм»
Жыйынтыгында маданият үйүнүн кызматкерлери майрамдык концерт тартуулашты
Канайым Мирланова, Асема Молдошева, Мырзайым Төлөбекова,Мадина Жокенова