Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 20-марты Орозо айт майрамы катары белгиленип, өлкө аймагындагы бардык мечиттерде айт намазы белгиленген тартипте өткөрүлөт. Бул тууралуу тиешелүү кат облустук, шаардык өкүлчүлүктөргө жана райондук, шаардык хатибияттарга жөнөтүлгөн.

Берилген маалыматка ылайык, айт намазы төмөнкү программа менен уюштурулат:
• 07:30–08:00 – Куран окуу
• 08:00–08:25 – Диний баяндар
• 08:25–08:30 – Айт намазынын тартиби боюнча түшүндүрмө
• 08:30–08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба
Ошондой эле айт намазы учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып баруу тапшырмасы берилген. Тоолуу аймактарда убакыт жергиликтүү шартка жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Бул маалыматка Кыргызстандын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров кол койгон.
Орозо айт – мусулмандардын эң улуу майрамдарынын бири болуп саналат. Бул күнү жамаат менен айт намаз окуу, бири-бирин куттуктоо жана жакшылык тилөө салтка айланган.
Садака-фитирдин өлчөмү бекитилди
2026-жылга карата садака-фитирдин өлчөмү төмөнкүдөй аныкталган:
• Буудай – 1,6 кг (60 сом)
• Ун – 1,6 кг (90 сом)
• Арпа – 3,2 кг (100 сом)
• Мейиз – 1,6 кг (880 сом)
• Курма – 3,2 кг (1200 сом)
Адистердин айтымында, садака-фитирди мүмкүнчүлүккө жараша кымбатыраак азыктар менен берүү муктаж адамдар үчүн пайдалуураак болот. Баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу негизги эсеп өлчөм боюнча жүргүзүлөт.

Даярдагандар: Аида Карыбекова, Бейшенбекова Раяна