Нооруз – жаратылыштын жаңылануусун, күн менен түндүн теңелишин даңазалаган, элди биримдикке жана жакшылыкка чакырган улуу майрам. Бул күнү адамдар бири-бирине ак тилек айтып, жаңы үмүттөрдү тосуп алышат.
2026-жылдын 18-мартында Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага мектептин 5–7-класстарынын окуучулары катышты.

5-класстын окуучулары майрамды баштап беришти
Майрамдын негизги максаты — улуттук каада-салттарды даңазалоо жана унутта калып бара жаткан кыргыз элинин салттуу ырларын жана оюндарын эске салуу болду. Окуучулар улуттук кийимдерди кийип, салттуу ырларды ырдап, кыргыз бийлерин аткарышты.

Кыргыз бийи
Тарбия иштерин уюштуруу боюнча директордун орун басары Майрам Шорукова иш-чара тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Окуучулар улуттук оюндарды, анын ичинде ордо, топ таш, упай, аркан тартыш оюндарын ойношуп, алардын эрежелерин түшүндүрүп беришти. Ошондой эле тушоо кесүү, бала бешикке салуу сыяктуу каада-салттарды көрсөтүштү», — деди ал.
Майрамдык иш-чаранын алкагында концерттик программалар тартууланып, улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрү кеңири чагылдырылды. Катышуучулардын активдүүлүгү жана улуттук кийимдери майрамдык маанайды дагы да көтөрдү.

Тарбия иштерин уюштуруучу-Майрам Шорукова

Кыргыз элинин «Упай» оюну
Жыйынтыгында:
1-орун — 5-А класс
2-орун — 5-Б класс
3-орун — 6-А жана 7-А класстарга ыйгарылды
Иш-чара жалпы жонунан мазмундуу өтүп, Нооруз майрамынын негизги маңызы — жаңылануу, ынтымак жана биримдик экендиги дагы бир ирет даңазаланды.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов
214