Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө карата ата-энелердин китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Сынакка Нарын райондук администрациясынын акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гулбарчын Исакова келип күбө болушту.
Бул сынак мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн «КадамПро» клубу жана ата-энелер комитети тарабынан уюштурулуп, жалпы 80ден ашуун ата-эне катышып, Г. Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китебинин негизинде тапшырмалар даярдалган. Сынакка катышкан апалардын эн улуусу 84 жашта болсо, аталардын эң сакалдуусу 68 жашта болгон.
Нарын райондук администрациясынын акимдин орун басары Анара Орозказиева сынактын жүрүшү тууралуу өз оюн билдирди:
«Китеп сынагында ата-энелер өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, буга чейин мектептин жамааты менен биргеликте иш жүргүзбөгөндүктөрүн, мындан ары мугалимдер менен тыгыз байланышта иш алып барууларын, келечек муун болгон балдарыбызга көңүл бөлүп, балдарыбыздын бир канаты мугалимдер, бир канаты ата энелер болуп, балдарыбызды ар тараптан колдоорун белгилешти. Балдарыбызга мектепке болгон сүйүүсүн ойготуу, билимге сугарып, билимге болгон кызыгуусун ойготуу менен ар дайым жакшы иштерге эгедер болоорун баса белгилешти.»
«Бул китеп чындыгында аябай таасирдүү китеп экен. Мен бул китептен чыныгы саздак, баткактуу, чытырман токойлуу жерди гүлдөткөн фин өлкөсүнүн баатыр эл экенин билдим. Мен бул китептен чыныгы патриот, сабырдуу, билимге сугарылган адамдар бар экенине ынандым. Китеп чындыгында билимдүү болууга чакырды жан дүйнөбүздү билим менен сугаруу керек экенин түшүндүм. Кыскасы бул иш чара ата-энелердин жан дүйнөсүн козгоп, ичибиздеги эн сонун ой-тилегибизди ойготту. Буюрса мындай иш чараларга сөзсүз катышып, колумдан келген жардамымды аябайм»,- дейт Назгүл Абдыжапарова.
Кайыпбек Айтбеков мектепте активдүү аталардын катарын толуктайт. Сынактын жүрүшү алардын тобуна жеңил сезилгенин айтат:
«»Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китеби мага чоң таасирин тийгизди. Китепти окуган ар бир адам патриот, мекенчил болушу керек экенидигин түшүнөт экен. Китепти окуганда бат эле кызыгып кетет экенсиң. Ал эми ар бир адам мекенин өнүктүрүүгө өстүрүүгө умтулат. Сынак абдан кызыктуу болду. Дагы да өтүп турушу эн жакшы, балдарга дагы, ата энелерге дагы. Команда менен биргеликте өтө жакшы иштештик. Баарыбыз окуп келиптирбиз, ал барганда эле байкалып турду. Сынак баштала электе эле даярдыктарыбызды текшерип, бири-бирибизге суроо жооп кылып берип турдук, ошонун негизинде дагы көп нерсени унутпай эстеп калдык. Сынак учурунда суроолор жеңил болду, 30 секунданын ичинде бири-бирибизден талашып так белгилеп жаттык».
Апалардын эн улуусу 84 жаштагы Зина апа бардык адамдарга аталган китепти окуп чыгууну сунуштайт:
«Китеп окууда андагы окуяларды эске тутуудан кыйналган жокмун. Бул китепти бир жыл мурун окугам, быйыл дагы окудум. Толугу менен 6 күндө окуп бүттүм. Бул китеп аябагандай жакшы китеп экен, айрыкча дарыгердин таасири аябай тийди. Турмуш, ден соолук, өнүгүү туралуу сонун жазылган китеп экен. Адамдардын барына окуп чыгуусун сунуштайм.»
Женишке жеткен 8-а класстын ата-энелерине окуучулары үчүн Бишкек шаарына жолдомо ыйгарылды. Ал эми 2-орунду камсыз кылган 5-а класстын ата-энелерине балдары үчүн Нарын шаарына экскурсияга жолдомо берилди. 3-орунга ээ болгон 7-а класстын ата-энелерине окуу куралдарынан даярдалган белек тапшырылды.
Баяна Кадырбекова