Балыкчы шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинде 2023-жылдын 29-апрель күнү жалпы шаардык класс жетекчи мугалимдер үчүн «Тарбия башаты- үй-бүлө» деген темада шаардык семинар болуп өттү. Бул иш-чара шаардык мектептердин мугалимдери М.Расулова, А.Жээнтаева, М.Керимбекова, А.Кабылбекова, А.Айдарбек кызы, Д.Шаршекеева тарабынан уюштурулган. Шаардык семинар КРнын Эмгек сиңирген мугалими, 3-эксперименталдык гимназиянын директору, ардактуу педагог Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер мектебин» жайылтууга багытталып, класс жетекчилер үчүн таасирдүү, пайдалуу ыкмалар айтылып, практика жүзүндө көрсөтүлүп берилди.
Балыкчы шаардык Билим берүү бөлүмүнүн адиси Эльза Керимбаева бул иш-чара жалпы шаардагы мектептердеги окуучулардын ата-энелери менен тыгыз иш алып бара жаткан класс жетекчилер үчүн тажрыйба алмашуу, методикалык жардам көрсөтүү максатында уюштурулуп жаткандыгын билдирди.

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Эльза Керимбаева
Н.К.Крупская атындагы №9 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Айэлита Кабылбекова «Ата-энелер мектебинин» негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов тууралуу жана балага мээрим берүү жолдорун айтып берсе, К.Абдылдаев атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Асель Өмүрбекова акыл-эмгек маданияты жөнүндө кенен маалымат берип өттү.

Н.К.Крупская атындагы #9 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Айэлита Кабылбекова

К.Абдылдаев атындагы #3 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Асель
Өмүрбекова
С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Мария Расулова «Тарбия баалуулугу» деген темада даярдаган презентациясы менен бөлүшүп, катышуучуларды практика жүзүндө иштетти.

С.Каралаев атындагы #6 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Мария Расулова
Калыгул Бай уулу атындагы №7 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Мээрим Керимбекова тарбия училтиги, убакыт менеджменти жөнүндө түшүндүрсө, Ч.Айтматов атындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Атыркүл Айдарбек кызы «Тарбия дөңгөлөгү» жөнүндө түшүнүк берип, иш жүзүндө көрсөтүп берди.

Калыгул Бай уулу атындагы #7 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Мээрим Керимбекова

Ч.Айтматов атындагы #5 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Атыркүл Айдарбек кызы
Манас атындагы №10 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Асель Жээнтаева «Дасторкон четиндеги университет» тууралуу кенен маалымат берсе, К.Жакыпов атындагы №8 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Динара Шаршекеева бала тарбиялоодо үч жашка чейинки тарбиялоо жолдорун айтып берди.

Манас атындагы #10 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Асель Жээнтаева

К.Жакыпов атындагы #8 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Динара Шаршекеева
Семинар кызыктуу оюн, сценка, практикалык иштер менен коштолду.



Зубаржад Жалилова, Мээрим Шарыпова