Кочкор айылы көп улуттуу жана бул жерде көп улуттун өкүлдөрү жашап, эмгектенишет. Алардын арасында Кочкор районунун тургундарына ар дайым түрлүү жашылча-жемиштерди тартуулап келе жаткан Чонбоевдердин үй-бүлөсү бар. Чакан жашылча-жемиш сатуучу жайын иштетип жатканына 30-жылдын жүзү болгонун жана ийгилик сырлары менен бөлүшүп беришти.
Талыкпаган эмгекти таң эртеден баштаган Амина Абдыкеримова уулдары, келини менен бирге Кочкор айылынын борборунда жайгашкан чакан жашылча-жемиш саткан жайында башташат. Күн кечке жаркыраган маанай жана талбаган эмгекти талап кылчу жумуш күнү дал ушундай нукта башталат.
Эртеден кечке чейин кардарлардын кезеги токтобой, күн бою жашылча-жемиштерди сатуу кызуу жүрүп жатканын байкадык.
Эмне үчүн дайыма жашылча-жемиш сатуучу пункттунда көп кардарлар бар деген сурообузга Амина Абдыкеримова жооп берди.
Биз Кочкор айылынын тургундарыбыз, эң алгачкылардан болуп Кочкор айылындагы автобекеттин маңдайындагы аялдамада жашылча сатып иштеп баштадык. Соодада көп кыйынчылыктар болот, бирок аларга көп көңүлдү түшүрбөй, талыкпай эмгектенип жүрө бердик. Бир жыл чоң базардын баасы менен сатып көрдүк, бирок элге арзаныраак жашылча-жемиш керек экен деген жыйынтыкка келип, ойлонуп 2010-жылдан баштап 2014-жылга чейин кардарлар үчүн бекер иштедик. Мисалы 1 килограммга 7 сом кошуп кардарларды топтодук. Ошо менен бүгүнкү күнгө чейин бааларды көп көтөрбөй элге кызмат көрсөтүп келе жатабыз.
Товарларды Бишкектин дүң жашылча базарларынан өзүбүздүн транспорт менен алып келебиз. Ар кандай жашылча-жемиштерге буйрутма алабыз. Биздин жашылчаларыбыздын ассортименти көп жана баалары арзан болгонуна эл көнүп калган.
Үй-бүлөбүз чоң, үч кызым жана уулум бар. Бардыгы соодага жардам берип чоңойуп калышты. Келген кардарларга дайыма жылуу мамиле кылуу менен бирге арзаныраак жана сапаттуу товарды сунуштаганга аракет кылабыз.
30-жылдык талыкпаган эмгегибиз үчүн Кочкор районунун элинин урматына ээ болдук, биз менен дайыма болгонуңуздар үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет, борбордон бир аз алыс болгонуна карабастан сиздер дагы эле бизге келип соода кылганыңыздарга рахмат айткым келет.
Кочкор айылынын тургуну Бекнияз Сапарбеков көп жылдан бери ушул жайдан соода кыларын айтып кетти.
Дайыма Амина Абдыкеримованын жашылча-жемиш саткан жайына келип соода кылабыз. Анткени сапаттуу жана арзан баада каалаган жемиш, жашылчанын түрлөрүн тапсаң болот. Экинчиден таразасы так жана ашыкча эсептебегени абдан жагат. Адамдык сапаты менен өздөрүнө тартып турганы бул үй-бүлөнүн маркасы десем жаңылышпайм.
Кочкор айылынын тургуну Айнура Жылдызбековага Амина Абдыкеримованын жашылча-жемиштеринин баасы башка жакка караганда арзаныраак болгону жагат, ошондуктан дайыма конок тосордо көп өлчөмдө алганда бааларын түшүрүп берерин айтып кетти.
Ак-Учук айылынын тургуну Гулмира Исакматова алыскы айылдан келген сайын келип соода кыларын билдирди» Кочкор айылына келген сайын түрлүү кылып, көп өлчөмдө соода кылам Кочкордун борборунда жашылча-жемиш саткан жайлар абдан көп, бирок сооданы ушул жерден эле кылам. Баалары жана кылган мамилеси жагат».-деп сөзүн аяктады
Нурия Карымбаева