Бүгүн Кочкор айылынын жашылча-жемиш базарында айрым сатуучулардын пиязы 50 сомдон сатып жатканы белгилүү болду. Бул күнүмдүк көрүнүшпү же пияздын баасы арзандап жатабы?
Азыркы учурда эл арасында пияз эң көп талапка ээ болгон жашылчалардын бир түрү бойдон каалуда. Кыргызстанда февраль айынын тарта пияздын баасы кескин жогорулашы элдин арасында көп талкууга алынып ар кандай ой-пикирлер жаралууда. Пияздын баасы 100 сомго чыгат дегендер андан көп. Эки аптанын ичинде Кочкор элинин тургундары жашылча саткан соодагерлеринен эмне үчүн пияздын баасы 20-30 сомдон 60 сомго жогорулап кеткени боюнча жооп алууга муктаж болуда.
Бул суроого көп жылдан бери жашылча-жемиш сатуу менен алектенген Кочкор айылынын жашоочусу Нургул Толоева кийинкиге токтолду: «Мындан эки жума мурун Кочкор районунда, 25-30 сомдук пияздын баасы кескин түрдө кымбаттап баштады. Буга сууктун болушунун кесепетинен Казахстан пиязды экспорттону токтотуп койгону айтылып жатат. Пияздан тышкары айрым жемиштер жогору баада сатылууда. Мисалы, мурун мандарин 150 сомдон сатылса азыр 180 сомго жетти, жүзүм 200 сомдон бул жер жемиштерди былтыркы жылга салыштырганда 20-50 сомго жогору сатып жатабыз».
Бүгүн жашылча базарында пияздын баасы 50 сом болгонун 20- жылдан бери соода кылган Тимур Арыбаев мындай деп түшүндүрдү:
«Пияздын бүгүнкү күндөгү баасы 50 сом болгонун себеби, Чүй облусунан сатып алуу баа бир аз арзандады, ошондуктан биз дагы 10-15 сомго бааны түшүрдүк. Акыркы күндөрү дыйкандардан пиязды сатып алган дүң баа 43 сомду түзүп, аны кайра сорттоп экиге бөлүп, чоңдорун 50 сомдон, майдаларын 45-46 сомдон сатып атабыз. Көпчүлүк учурда жашылчаларды Токмоктун дыйкандарынан алганга аракет кылабыз, анткени ортомчулардан алсак кымбат алып 1 сом 50 тыйын кошуп сатып, киреше албай калабыз. Пияздын баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орто эсеп менен 4-5 эсе жогору болуда. Мындай баанын өсүү тенденциясы мындан ары да уланарынан коркуп турабыз».
Ал эми Кочкор айылынын тургуну Гулбарчын Кыдырбаева пияздын баасы жогору болгонуна өзүнүн ой пикири менен бөлүшүп кетти:
«Жыл сайын күз мезгилинде пиязды кап менен алып алабыз, быйыл пиязды 17 сомдон дүң баада алгам, буюрса жаңы пияз өсүп чыкканча жетет. Бирок ушул маалда пияздын баасынын мынчалык деңгээлге көтөрүлгөнү эч качан болгон эмес, учурдагы пияздын баасын көрүп алып тынчсызданып турабыз. Эл арасында көптөгөн пикирлер жаралып жатат. Бири пияздын баасы мынча жогору болусуна аномалдуу сууктун кесепетинен үшүккө учурап, пияздын запастары чоң жоготууга учураганына байланыштырышат, бирок интернет булактарынан окуп, угуп жатабыз Кыргызстан башка өлкөлөрдөн пиязды экспортоого убактылуу чектөө киргенин айтууда».
Ал эми Бишкек шаарындагы «Баткен» жашылча базарындагы бааларды карап көрсөк, азыркы күнгө карата пияздын баасы 50-60 сомду түздү. Пияздан тышкары сарымсак, пияз-шарлотка, көк пияздын баасы дагы жогорулады.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги пияз менен сарымсакты республиканын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салууну сунуштады. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Нурия Карымбаева