Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл педагогикалык-индустриалдык колледжинде 26-апрель күнү «Ачык эшиктер күнү» уюштурулуп, ага шаардын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, класс жетекчилери жана мектеп администрация мүчөлөрү катышышты.
Иш-чара колледждин студенттеринин бийи менен ачылып, колледждин жетекчиси Бактыгүл Амановнанын сөзү менен уланды. Бактыгүл Амановна иш-чаранын катышуучуларын колледж менен тааныштырып, анын тарыхын, жетишкендиктерин жана кайсы кесиптерге окуса боло тургандыгын жеткиликтүү айтып берди.



Бүтүрүүчүлөр колледждин студенттери даярдаган онлайн оюнуна катышып, ичинен жеңүүчүлөр аныкталып, белектер тапшырылды.
Окуу жай менен жакындан тааныштыруу максатында экскурсия уюштурулуп, бүтүрүүчүлөр окуу бөлмөлөрүн, шарттарды өз көздөрү менен көрө алышты.
Белгилей кетчү нерсе, окуу жайдын жаңы корпусунун заманбап жасалгалоосу жана ал жактагы түзүлгөн шарт абдан мыкты экендиги көрүнүп турду.


Зубаржад Жалилова