Саламаттык сактоо тармагына өмүрүн арнап, элүү жылдай бейтаптарга кызмат кылып келе жаткан медайымдардын эмгеги баа жеткис. Алардын бири — көп жылдык тажрыйбасы бар, кесибине берилген Балбүбү Жапарова.
Балбүбү эже 1957-жылы 2-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында (мурдагы Рыбачье) жарык дүйнөгө келген. Балалык чагы Союз мезгилине туш келип, ал учурду жылуу эскерет.
“Ал кезде эч нерседен кам санабай, ата-эненин мээриминде чоңойдук. Балалыгым абдан сонун өттү”, — дейт ал.

Мектепте окуп жүргөндө эле медицина тармагына болгон кызыгуусу ойгонгон. Ал ар дайым класстын “санитаркасы” болууну каалап, апасы тигип берген ак халатты кийип жүргөнүн жылмайып эскерет. Бул бала кыял кийин анын өмүрлүк кесибине айланарын ал кезде эч ким билген эмес.
Орто мектепти аяктагандан кийин азыркы Кара-Балта шаарындагы Калинин медициналык окуу жайдан билим алган. Сабактар орус тилинде өткөндүктөн башында кыйналганы менен, тырышчаактыгынын аркасында алдыңкы студенттердин катарына кошулуп, стипендия да алган.
Эмгек жолун Балыкчы шаарындагы ооруканада баштаган Балбүбү эже алгач кабыл алуу бөлүмүндө иштеп, кийин хирургия бөлүмүнө которулат. Ал кезде хирургия менен травматология бир бөлүм болгондуктан, жаракат алган бейтаптар көп түшүп, күн-түн дебей иштөөгө туура келген. Кийин травматология өзүнчө бөлүнүп чыкканда, аны улук медайым (старшая медсестра) кызматына дайындашат.
1988-жылы ооруканада реанимация бөлүмү ачылып, Балбүбү эже жаңыдан түзүлгөн бул бөлүмдө иштөөгө киришет. Ал учурду ал өзгөчө этап катары эскерет. “Ал жер мурда касса болгон. Өзүбүз жууп-тазалап, даярдап, окуудан өтүп келип иштеп баштадык”, — дейт ал.
Реанимацияда иштеп жүрүп, кан куюу бөлүмүнүн ишине кызыгып калат. Алгач бул бөлүм ага өтө татаал жана жоопкерчиликтүү көрүнгөн. Бирок кызыгуусу күч болуп, ошол жерде иштеген тажрыйбалуу адистин жанында жүрүп, бардык сырларын үйрөнөт.
Көп өтпөй, ошол адис Россияга кетип, ордуна Балбүбү эжени даярдап калтырат. Ошентип, ал кан куюу бөлүмүндө иштеп, бул тармакта 19 жыл бою үзүрлүү эмгектенет.
Бул жылдар анын өмүрүндөгү эң оор, бирок эң маанилүү учурлар болгон. Донорлор жетишпеген, авариялар көп катталган, түн ичинде кош бойлуу аялдарга кан табуу зарылдыгы жаралган учурлар көп болгон. Кээде донорлорду өздөрү издеп табышкан.
Эсте калган окуялардын бири — сейрек кездешкен кан тобу бар бейтапка байланыштуу болгон. Донор табуу кечигип, түн ичинде кан алып келе жатып, унаасы бузулуп калат. “Бензини жок болуп, түн ичинде халатчан машинаны ооруканага чейин түртүп барганым эсимде”, — деп эскерет ал. Бул окуя бүгүнкү күнгө чейин кесиптештеринин арасында айтылып келет.
Мындан тышкары, донор табылбай калган учурларда өзү кан тапшырып, бейтаптардын өмүрүн сактап калган. Бул эмгеги үчүн ал “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” наамына татыган.

“Адамдын өмүрүн сактап калуу — бул өзүнчө эрдик”, — дейт Балбүбү эже.
90-жылдары медицина тармагында кадрлар азайып, жүк көбөйгөн. Ал күндөрү медиктер күнү-түнү иштеп, кээде балдарын да жанына алып келип иштөөгө аргасыз болушкан. Үч сутка бою иштеген учурлар да болгон.
2012-жылы ден соолугуна байланыштуу поликлиникага которулуп, инфекциялык кабинетте иштеп баштайт. Алгач бул иш жеңил сезилгени менен, кийин анын да өзүнө жараша түйшүгү бар экенин түшүнөт.
COVID-19 пандемиясы учурунда ал “кызыл зонада” иштеп, алгачкылардан болуп кирген. Экинчи жолу ишке киргенде өзү да ооруп, оор абалды башынан өткөргөн.
Балбүбү эже инфекциялык ооруларды алдын алууда убагында эмдөө алуу эң маанилүү деп эсептейт. Азыр коомдо эмдөөдөн баш тарткандар көп болгондуктан, ар кандай түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулуп, дин кызматкерлери менен бирге элге маалымат берилүүдө.
“Кызамык жана башка жугуштуу оорулар менен эмдөө албагандар көп ооруп жатышат,” — дейт ал.
Бакен эже медицина тармагындагы чоң өзгөрүүлөргө да күбө болгон. “Мурда баары кыйын болчу, азыр болсо медицина өнүгүп, бир жолку шприцтер чыгып, азыркы медайымдарга бир топ жеңил болду”, — дейт ал.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө инфекциялык оорулар дагы деле актуалдуу бойдон калууда. Айрыкча кызамык, суу чечек сыяктуу оорулар көбөйүп жатканын белгилейт.
Көп жылдык эмгеги бааланып, Балбүбү эже “Саламаттык сактоонун отличниги” наамына ээ болгон жана жогорку категориядагы адис. Ошондой эле совет мезгилинде Комсомол катчысы болуп да иштеп, коомдук иштерге активдүү катышкан.

Санариптештирүү медицина тармагында жумушту жеңилдетип, кагаз иштери азайган. Бул шарттарда медицина кесиби дагы өнүгүп, сапаттуу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү кеңейген.
Балбүбү эже медицина тармагын өзгөчө кесип катары баалайт:
“Адамдын өмүрүн сактап калуу — бул өзү чоң эрдик. Башка кесиптер алмашып, иштей алат, медицинада болсо өмүрдү сактоо жоопкерчилиги бүтүндөй башкача,” — дейт ал.

Балбүбү Жапарованын өмүр жолу — бул жөн гана эмгек таржымалы эмес, бул адам өмүрү үчүн күрөшкөн, өз кесибине берилген инсандыктын жаркын үлгүсү.Бүгүнкү күндө ал жаш адистерге жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.
Даярдаган: Зубаржад Жалилова