Токтогул районунда мектеп окуучулары арасында футбол боюнча мектеп лигасы болуп өттү. Мелдешке райондун айыл аймактарынан келген 19 команда катышып, турнир 3 күнгө созулду.


«Оюндар жаңы, заманбап салынган стадиондо өтүп, өзгөчө маанай тартуулады. Айрыкча алыскы айылдардын окуучулары үчүн мындай деңгээлдеги аренада ойноо чоң мүмкүнчүлүк болуп, алардын кубанычы менен эмоциясы чектен ашты. Бул мелдеш чыныгы футбол майрамына айланып, бардык катышуучуларга унутулгус таасир калтырды» дейт Токтогул футбол клубунун тренери Бакыт Чакиев

Жыйынтык боюнча:
🥇 1-орун — Н.Бримкулов атындагы Инновациялык мектеп-гимназиясы, Токтогул шаары (облустук этапка жолдомо алды)
🥈 2-орун — Алымбеков атындагы орто мектеп, Бел-Алды айылы
🥉 3-орун — Чаргынов атындагы орто мектеп, Өзгөрүш айылы
🏅 4-орун — Ибраимов атындагы орто мектеп, Өзгөрүш айылы

Мелдештин жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмү (РайОО) алдыга чыккан оюнчуларды жана командаларды дипломдор менен сыйлап, 1-орун ээсине кубок тапшырды.

Токтогул райондук ДЮСШсына жана ФК “Токтогулга” турнирди уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн айыл аймактардан келген командалар ыраазычылык билдиришти..
Даярдаган: Азема Кудуева