Балыкчы шаарында коомдук коопсуздукту чыңдоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында “Коопсуздук — биздин тандоо” аталышындагы форум уюштурулду. Иш-чара Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан өткөрүлүп, ага тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Форумдун негизги максаты-коомдук тартипти чыңдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун, жаш өспүрүмдөргө карата кылмыштардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат. Иш-чаранын алкагында жарандарга жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнө алдын алуу багытында даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлүп, кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жашы жете электердин катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу маселеси да талкууланды. Адистер тарабынан кооптуу деп эсептелген аймактарга талдоо жүргүзүлүп, аталган жерлерде күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу чаралары белгиленди.
Форумдун жүрүшүндө акыркы учурда кеңири жайылып жаткан интернет алдамчылык, тактап айтканда кибер кылмыштуулук маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду. Катышуучулар калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундары өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, аларга Балыкчы шаардык прокуратуранын жетекчиси, Балыкчы ШИИБ жетекчиси, билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана шаардык мэриянын аппарат жетекчиси тарабынан кеңири жооптор берилди.
Даярдаган: Зубаржад Жалилова