2026-жылдын 31-мартында Кочкор районунда STEM предметтери (физика, химия, биология, география) боюнча мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуу семинары өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Семинар Турсун Темирова атындагы жалпы билим берүү мектебинде өтүп, ага С.Исмаилов, Т.Темирова, Калыгул Бай уулу, Т.Усубалиев жана К.Кыдыралиев атындагы мектептердин мугалимдери катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — заманбап окуу-лабораториялык жабдууларды жана санариптик технологияларды сабак учурунда натыйжалуу колдонуу боюнча тажрыйба бөлүшүү болду. Катышуучулар мастер-класстар аркылуу жаңы жабдуулар менен таанышып, аларды практикалык сабактарда колдонуу ыкмаларын өздөштүрүштү.

Семинардын жүрүшүндө айрыкча физика, химия жана география сабактарында колдонулуучу лабораториялык приборлорду пайдалануу кеңири көрсөтүлдү. Мугалимдер өз алдынча тажрыйбаларды жасап көрүп, практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Азатбек Эмилбек уулу семинардын маанисине токтолуп, мындай иш-чаралар 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, мугалимдер жаңы билимдерди өздөштүрүп, «тоскоолдуктарды» жеңүү аркылуу өнүгүүгө жол ачышат.
Ошондой эле, С.Исмаилов атындагы мектептин химия мугалими Венера Кытайбаева семинар пайдалуу болгонун белгилеп, айрым лабораториялык жабдууларды, анын ичинде колориметрди колдонууда кошумча түшүндүрмөлөр керек экенин айтты.

Иш-чара практикалык форматта өтүп, мугалимдер өз алдынча тажрыйбаларды жасап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Азатбек Эмилбек уулу

С.Исмаилов атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими Венера Кытайбаева

Турсун Темирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Асыл Буржуева
Иш-чаранын жыйынтыгында мектеп директору Асыл Буржуева мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүндө мындай семинарлардын ролу чоң экенин белгилеп, заманбап жабдуулар билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Канайым Мирланова